www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи отуруму 18-мартта өттү.
Анын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирди.
Алар Кыргызстанда кабыл алынган концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана мыйзамдарды анализдеп чыгып, карама-каршы келген мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирет.
Анын жыйынтыгы менен жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана күчүнө киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат.
Эксперттик топту вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жетектейт.
Эске салсак, Садыр Жапаров 10-февралда мыйзамдарды инвентаризациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. 10-мартта ведомстволор аралык эксперттик топ түзүү тууралуу өкмөттүн буйругу чыккан
Булак: NazarNews.kg