www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чиновниктерге айлык маянанын ордуна каз берилеби?

Литвада эл өкүлү — чиновниктерге айлык акынын бир бөлүгүн каз түрүндө төлөөнү сунуштады.

Тиешелүү сунушту парламенттин айыл иштери боюнча комитетинин отурумунда Литванын мурдагы айыл чарба министри, депутат Гедриус ​​Сурплис киргизген.

Депутат — мындай чара менен, акыркы учурда коронавирус пандемиясынын айынан ишкерчилиги жакшы жүрбөй жаткан канаттуу  өстүргөн, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого мүмкүн деп эсептейт. Ал жергиликтүү ишкерлерди колдоо бийликтен гана эмес, элден дагы көз каранды экендигин баса белгиледи.

Сурплис мындай тажрыйба буга чейин республиканын тарыхында болгонун эске салды. Ошондой эле, ал Литванын ошол кездеги президенти Антанас Сметонанын башкаруу мезгилинде — мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар айлык маянасынын бир бөлүгүн каз түрүндө алганын мисал келтирди.

Литвада буга чейин ишкерлер банкротко кабылуу божомолдоруна байланыштуу  митинг уюштуруп, бийликке нааразычылгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости