www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштагандан бери 433 миллион долларлык долбоорлорду жактырган. Бул тууралуу аталган фонддун сайтында жазылган.

Ага ылайык, жалпысынан 2 886 долбоор жактырылган.

Маалым болгондой, насыянын 46 пайызы орто жана чакан бизнеске жумшалса, 31 пайыздан көбү өндүрүшкө кеткен. Агро-өнөр жай тармагына 23 пайызы жумшалса, 12 пайызы туризмге, инфраструктура жана логистиканы өнүктүрүүгө туура келгени айтылды.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2014-жылы Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде түзүлгөн. Анда 500 миллион доллар өлчөмүндөгү уставдык капиталды Россия кайтарымсыз бөлүп, зарыл болсо дагы 500 миллион долларды карызга берерин убадалаган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости