www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев сомдун кабыл алынган күнүнө карата сомдун тарыхын жана азыркы абалына токтолуп, көптөр биле берген чындыкы Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Кыргыз валютасынын расмий чыгарылган датасы 1993-жылдын 10-майы деп эсептелгени менен биздин сомдун жаралуу тарыхы же "сом" - деген сөздүн колдонулушу СССР маалында пайда болгон. Казакча да сом, Өзбекчеси сум деп айтылчу. Эркиндик алгандан кийин Казактар «тенге» деп атай баштады, Өзбектер «сум» бойдон калтырышты.
Бирок ар бир өлкөнүн тарыхын изилдегенде анын жайгашкан жери, түзүлгөн жылы, башкаруучусу, колдонгон дини, калкы, улуту, борбор шары жана колдонгон акча бирдиги айтылат. Биз такай эле акча бирдигинин тарыхын Европанын өткөн доорлордогу мамлекеттеринен, мисалы Рим, Греция же Эгипеттен баштап көнүп калганбыз.
Биз азиятпыз. Анын ичинде Борбордук Азиянын чок борборундабыз. Кыргыздардын тарыхы байыркы Сактар, Гундардын мезгили менен катарлаш, Кытай, Монгол, Сибирь, Орус элдери менен аралаш. Кыргыздар өз алдынча мамлекет болобу же башка мамлекеттердин составында болобу соода сатыкты ошол мезгилдеги акча бирдиктери менен жүргүзүп келген. Акча деген сөз түрк тилинде сүйлөгөн элдердин көпчүлүгүнүн тилинде бар. Азыркы орустун «денгиси» түркчө «тенге» деген сөздөн алынган. Кыргыздар акча бирдиктерин «дилде», «тенге» деп келишкен. Кееде өзбектерди туурап «пул» деп да коюшат. «Кач пул» өзбекчеси. «Чан пул» тажикчеси. Жөлөк пул кыргызчасы. Илгеркилер «Сөлкөбай» деп коюшчу. «Тай туяк» деген күмүш акчалар болгон.
Негизи "Сом" - деген сөздүн колдонулушу СССР маалында пайда болгон. Кыргызстан СССР курамына союздук республика катары киргенден кийин 1938-жылдын үлгүсүндөгү 1,3 жана 5 рублдерде кыргыз тилиндеги – «сом» деген жазуу болгон. Түрк тилиндеги «сом» сөзү алгач «бүтүн», «бекем» маанисинде колдонулган. Кийинчерээк «бүтүндүн бөлүгү», «рубль» (от слова рубленный) маанисинде колдонула баштаган. Монеталар менен майда акчалар «тыйын» деп аталган. Кокондун күмүш тенгелери, жез пулдары жана алгачкы россиялык копейкалар менен гривенниктер да ушундай аталмак. Азыр болсо сом Кыргыз Республикасынын негизги акча бирдиги болуп саналат.
СССР жоюлгандан кийин түзүлгөн мамлекеттери үчүн кыйын кырдаал түзүлүп, «рубльдин» инфляциясы кыргызстанда 1400 эсеге чейин жетти. Накта акчалардын саны айлык акы төлөөгө жетишсиз болуп 1 накталай сомго 28 банктагы эсептеги сомдорду (акчаларды) алмаштыра башташты. Ал эми Россиянын Ленинград Монеталык дворуна 1 сомдук акчаны бастырып чыгарыш үчүн 28 тыйын төлөнүп турду. СССРдин убагында Кыргызстан үчүн акча бирдиги бекер келчү. Жыйынтыгында «черный рынокто» сом ордуна АКШнын доллары айлана баштады. Сомдун кунары таптакыр кетти.
Бул проблемаларды чечүү үчүн КМШ мамлекеттери өзүнүн улуттук валютасын киргизип, жеке акча саясатын жүргүзүү керек болгон. Мындай кадамдарды алгачкылардан болуп Кыргызстан жасаган. Сомдун мамлекеттик валюта болушуна ошол кездеги Улуттук банктын Председатели К.Нанаевдин биринчи орун басары Сагынаалы Сулайманбековдун эмгеги зор.
Союздун убагында Кыргыз ССРинин финансы жана кредит системасына жогорку билимдүү кадрларды даярдаган Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Экономика факультетинде жалгыз «Финансы жана кредит» кафедрасы болгон. Ушул кафедранын окуу программасында «Капиталистик өлкөлөрдүн акча-кредит системасы» жана «СССРдин акча - кредит системасы» деген эки курс окутулчу. Сулайманбеков Сагынаалы бир топ жыл «Капиталистик өлкөлөрдүн акча-кредит системасы» курсун окутуп жүрдү. Ошондуктан Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгон кезде С.Сулайманбеков рынок мезгилинде акча-кредит саясатын жүргүзүүнү жакшы түшүнгөн жалгыз адис болчу. Ошол мезгилде мамлекеттин өз алдынча валютасы болуш керек деген маселени жогоруда айтылган татаал кырдаалга карата С.Сулайманбеков көтөрүп чыккан. Бул маселени көтөрөөрдүн алдында биздин кафедрага келип оюн биз менен макулдашып, валюта киргизбесек кандай кыйынчылык болуп жатканын айтып кеӊешип турчу.
Андан кийин барып ошол кездеги Президент А.Акаевди көндүрүп Премьер - Министр Т.Чынгышев башында турган мамлекеттик комиссия түзүп, жумушчу топко өзү жетекчи болгон. Сомду киргизеердеги негизги кара жумушчу аткаруучусу болгон. Тилекке каршы «Бышкан аштын ээси көп» болуп кийин сомдун авторлору көбөйө баштады. Алды орден арты медаль менен сыйланышты. С.Сулайманбековду сомду киргизген эмгегиӊ үчүн деп «Хэнфен» коммерциялык банкына жетекчи кылып коюшту. Көп өтпөй андан да алып салышты.
Сөздү жыйынтыктап айтканда, 1993-жылы Кыргызстандын Өкмөтү улуттук валюта киргизүүнү сунуштап, 3-майда республиканын Жогорку Кеңеши министрлер кабинетинин сунушун бекитип берип, 10-майдан тартып Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун киргизген.
Ошол кездеги Туркиянын «Замана» гезитинин кыргызча бөлүмүндө иштеген Амирбек Азам уулу баштаган, составына раматылык. Ө.Караталов, С. Орозбаков жана мен болуп Ташкентте 1995-жылы 13-майда Туркия мамлекети өткөргөн «Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык симпозиумуна» бардык.
Азербайжан, Татарстан, Башкырстан, Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү бизге, Кыргызстандан баргандарга суроолорду жаадырышты. Абдан кызыгып да, суктанып да турушту. Ал кезде сомдун курсу 4 доллар же 200 рублга барабар болчу. Андан бери өсүп отуруп азыр 1 доллар 79-80 сомго чейин жетти, же 20 эсеге өстү. Мындай өсүштүн объективдүү жана субъективдүү себептери бар.
Объективдүүсү биз менен экономикалык байланышы бар өлкөлөрдүн валюталарынын курстарынын өзгөрүүсү чоӊ себеп. Ал эми субъективдүү себеби ошондон бери биздин республиканын экономикасы сомдун курсун кармоого таканчык боло албады. Экономиканын структурасы соода-сатыкка, реэкспортко багытталып реалдуу экономиканын дээрлик жоктугунан, бюджеттин жана төлөө балансынын жогорку деӊгээлдеги дефициттүүлүгү сомдун курсун Улуттук Банктын интервенциялары менен кармоого аргасыз кылууда.
Анткен менен Кыргызстандын улуттук валютасы киргизилген күндөн бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн туруктуулугун экономиканын шартына жараша сактап келе жатат. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат.
Булак: NazarNews.org