www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экологиясы ушул кезде таза делинип, биздин өлкөдөн таза жер-жемишти чет жака экспорттоого кызыкдар инвесторлор көп.

Буйруса, Ысык-Көлдүн алма, өрүк, кара өрүгү, карагаты жана алтургай жапайы чычырканагы дагы Европага экспорттолот.

Экономика министринин метрология жана техникалык жөнгө салуу Башкармалыгынын башчысы Бакытбек Шабданов бул кызматташуу Президент СооронбаЙ Жээнбековдун Швейцарияга жасаган расмий сапарында жетишилген деп белгиледи.

«Долбоор үч жылга эсептелип, каражаттар үч бөлүктөн келет. Анда Стандарташтыруу борборунун техникалык жактан жабдылып, мамлекеттик көзөмөл органдарынын сапатын жакшыртууга жана жер-жемиштердин сапатын тастыктаган борборлорго лаборатория ачууга жана эл аралык стандарттагы экспорт жасоого шарттар түзүлө», - деп билдирди Бактыбек Шабданов.

Экономика министрлигиндеги стандарташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев айыл-чарба азыктарын экспорттоодо элементардуу талаптарды аткаруу мамлекеттер арасындагы чек ара маселесин жаратпайт деп билдирди.

Анткени, сыртка чыккан Кыргызстандык азык-түлүккө фермерлер же ишкерлер шектүү жерлерден уруксат кагаздарын албай, мамлекеттик органдардан алууга чакырды, - дейт Факты.kg.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости