www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-январдан 18-февралга чейин 40 күнгө созулган кыш чилдеси бар, бул чилдени илгери кыргыздар “Эсенбайдын чилдеси” - деп лакап кылып алышкан. Акыркы мезгилде аба-ырайында жылуулук байкалат. Мурун чилде убагында укмуш суук болоор эле, түкүргөн түкүрүк жерге тийбей тоңуп калчу, кулактын үшүгөнүн айтпа.Илгери андан да суук болуптур. Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын төрткө бөлгөн:
Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Куйругу менен козу калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй
Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй
Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…
Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын
Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин
Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп, буй түшүрүп кетет имиш.
“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жаадырып, муз тоңдуруп, суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби, мени кетти дебегиле, 40 күндө ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”,- дешет .
4. 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Бул төртөө кетип атканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары-бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот. Мына ушул 12 күндөн бөлүнгөн төрт бөлүк жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тиеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Эсенбай эсепчи ушул төрт бөлүктүн ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп жатат өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган. “Кырк жигитке” жоолугуп, жүрөгү тоңуп эч кимди сүйбөй калган кыз жөнүндө, “Кырк кызга” жоолугуп жүрөгү тоңуп, кыз сүйбөй калган жигит жөнүндө да жомок, легендалар бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg