www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасына ири мүйүздүү бодо малды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз алып кирүү уланууда, - деп билдирет Салык кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерисиз ири мүйүздүү бодо малды ташып кирүүнүн кезектеги фактыларын аныкташты.

Тактап айтканда, бир жуманын ичинде 1 002 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды. Анын ичинен “Чалдовар авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 327 баш, “Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 675 баш бодо мал.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон, кээ бирөөлөрүндө иш жүзүндөгү малдын саны коштомо кагазда көрсөтүлгөн санга дал келбей калган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости