www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эл толкуса-сел"
(кыргыз макалы)
- Дастан Исламович, Башмыйзамды өзгөртүү - кийинки мезгилде саясаттын орчундуу маселесине айланды. Талаш-тартыш дагы эле уланып жатат... Ушунча эле өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы?
- СССР урагандан кийин кабыл алынган башмыйзамдын негизинде орногон саясий түзүлүш (система) жана мамлекет башкаруу:
- өлкө экономикасын талкалап, эл байлыгын уурдап, талаганга учуратып, жумушсуздуктун айынан бир жарым миллион адамды тентитип, мигрант кылды;
- коррупцияны гүлдөтүп, жайылтып, ал бийликти басып алып, буту-колун байлап, шал кылды;
- элди үч жолу көтөрүлүшкө жеткизди, эки президент качып, экөөсү соттолуп, бирөөсү абакта. Акыркысын да жоопко тартууну эл талап кылууда;
- улут аралык кагылышка өлкөнү учуратты (2010 ж.). Мекенибизди кемитти (Үзөңгү-Куш, Каркыра ж.б.), бийликти узурпацияга алып келди, саясий репрессия кеңири жүргүзүлүп, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, сот адилетсиздиги катардагы көрүнүшкө айланды;
- улуттук дөөлөт, рухий казына, нарк, салт, тарбия, батыш ж.б. өлкөлөр жүргүзгөн саясаттын тепсендисинде калды...
Айтып олтурса арман көп дегендей, 30 жыл аралыкта, башмыйзам элге да, мамлекетибизге да ийгилик жаратпады, жакшылык алып келбеди.
А түгүл Жогорку Кеңешти да "базарком", "чимкирик" парламент дегенге жеткизип, бийлик эл ишенимин толук жоготту, буга 10-январдагы референдумга 60 пайыз эл барбай койгону далил.
Бир сөз менен айтканда, азыркы башмыйзамды алмаштырбаса, эл күткөн жаңылануу да болбойт, өлкө абалы да оңолбойт.
- Конституциялык кеңешме иштегенине эки ай болду, бирок жыйынтыгы элге дагы эле белгисиз... Себеби эмнеде?
- Дагы эки ай иштеседа эл эңсеп күткөн жаңыланууну камсыз кылып, ага негиз боло турган башмыйзамды кеңешме жарата албайт.
- Эмне үчүн? Саны 100гө жакын кишинин колунан кантип келбесин?
- Кеп санында эмес. 30 жыл жашап, мамлекеттүүлүктү кыйроо коркунучуна алып келген башмыйзам жараксыз, ондоп түзөтүүгө жатпаганын далилдеди. Анткени, ал кыргыздын басып өткөн жолуна тарыхый тажрыйбасына, улут болуп калыптанышына, наркына, салтына, коом түзүү жана башкаруусуна каршы келет. Ошол үчүн 30 жылда ал элге сиңген жок, эл аны кабыл албай койду. Бул башмыйзам бийлик үчүн эле иштеп, бийликке гана керек болуп, коррупцияны гүлдөтүп, адилетсиздикти орнотуп, элге иштебегени үчүн 5-октябрдагы элдик көтөрүлүш болбодубу.
- Октябрь айында (2019-ж.). С. Жапаров элге айтты эле: " Бийликти элге кайрып беребиз" - деп. Демек, конституциялык кеңешме сунуштаган башмыйзам эл үчүн иштеп, элдик башмыйзам болот десек болобу?
- Антип үмүт кылса болот, бирок аны окуп, мазмуну менен таанышканда гана айтса болот. Азырынча "ханституция" жазылыптыр деген пикир көп айтылууда. Күтө туралык. Бийликке жетем деген адам, "Бийликти элге кайрып беребиз" деп айта берет, бирок бийликке жетип, шайлангандан кийин бийликти эл менен бөлүшкөндү каалабай калган учурлар болгон (Бакиев, Атамбаев).
- "Бийликти элге кайрып беребиз" дегенди кантип түшүнсө болот? Ал кантип ишке ашырылышы мүмкүн?
- "Бийлик Жаратканда, андан кийин элде"- дейт байыркы кыргыз макалы.
"Кан бийлигинен нарк күчтүү", "Эл бир болсо кан тим болот" - деген кыргыз макалдар бийлик элде болгонун далилдейт.
Кийинки 30 жылда эл тагдыры, өлкө келечеги Бишкекте, тар чөйрөдө, көшөгө артында, президенттер, айрым депутаттар тарабынан гана чечилип, кошоматчылар, "кара ящик" аркылуу элди ынандырып, кол балага айланган БШК (борбордук шайлоо комиссия) тарабынан элдик шайлоолордун жасалма жыйынтыктары менен мыйзамдаштырылып келди.
Ошол учүн 2005-ж. жана 2010-ж. шайлоо жыйынтыктары чоң нааразычылык жаратып, элдик көтөрүлүшкө алып келген жана президенттерди бийликтен кетирген.
Бийликти элге кайрып берүү - деп, бийлик (президент, депутат, министр,аким ж.б.) эл үчүн иштеп, элге көз каранды болуп элге отчет берип, эл турмушун көтөрүп, адилет, калыстыкты орноткон башмыйзамдан башталып, аны толук турмушка ашыруу деп түшүнсө болот.
- 2002-ж. Биздин гезит эгемен доорунда биринчи жолу Элдик Курултайды башмыйзамга киргизүү жөнүндө сиздин көлөмдүү макалаңызды басып чыгарды эле. 2006-ж., 2015-ж., элдик курултайды саясий түзүлүшкө киргизген башмыйзамдын долбоорун сиз жазып, жарыялап, бийликке жаман көрүнгөнүңүздөн да кабарыбыз бар. 2019-жылы да элдик башмыйзамдын долбоорун жазыптырсыз. Анын негизги өзгөчөлүгү эмнеде?
- Өзгөчөлүгү: бийлик элдин өзүндө такай болуп, элдин бийлигин орнотуп, чиновниктер президент баш болуп элге көз каранды болуп, эл үчүн иштеп, сот адилетин орнотуп, коррупцияны жоюп, саясий куугунтуктарга, бирөөнүн мүлкүн, жерин тартып алууга чекит коюп, коомдо калыстык, акыйкат орнотуп, кыргыз дөөлөтүн, рухий казына, наркын, салтын,тилин, маданиятын улуу жана ыйык деп башмыйзамга киргизип, аны даңктоо, даңазалоодо. Башмыйзам кыргыз тилинде, кыска-нуска, ар бир адамга түшүнүктүү жазылганында.
- Коррупцияга кантип тыйуу сунушталат?
- Коррупция Ата-Мекенге, элге кылган чыккынчылык деп таанылат. Эл казынага келтирген зыян 50 млн сомдон өйдө болсо өлүм жазасына тартат - деген берене Башмыйзамга киргизилди.
- Өтө катуу чара эмеспи?
- Коррупция бийликтен өйдө көтөрүлүп бүгүн мамлекеттүүлүгүбүздү кыйратып, жок кылуу чегине жетип калды. Миң жылдар бою бабаларыбыз канын төгүп жанын берип, жесир, жетимдердин көз жашы менен курулган мамлекеттүүлүгүбузгө коррупционерлер кол салып жатса үн чыгарбай карап олтура беребизби?
Коррупциянын башында президенттер баш, прокурорлор төш, соттор бут, кол болуп турганын Бакиевдин качып, соттолгону Атамбаевдин соттолуп, абакта жатканы, премьер-министрлер соттолгону талашсыз далилдеп жатпайбы!
- Бирөөнүн мүлкүн, жерин, бизнесин тартып алуу кеңири тараганын элибиз жакшы билет. Муну кантип токтотсо болот?
- Мындай басып алууга тиешеси бар сот, тергөөчү, прокурорлор өлүм жазасына тартылат-деген берене Башмыйзамга сунушталды.
Мындай чара көрүлбөсө Кыргызстанга бир дагы чет өлкөлүк инвестор келбейт, өлкөбүздө адилеттүүлүк болбойт, демек эл турмушу оңолбойт.
- Ал эми сот адилеттүүлүгүнө кантип жетсе болот?
- Кыргыз илгери, миң жыл мурун эле сот адилеттүүлүгүн орноткон. Кантип?
Сотторду эл шайлаган. Сот эч качан жабык өткөн эмес. Жактоочулардын саны чектелген эмес. Соттор айлык акы алган эмес. Сот чечими калыс, адилет болсо, эки тарап тең нарк бузбай сотко ыраазычылыгын көрсөткөн. Бул пара деп каралган эмес.
Сотторду бирөө тандаса, экинчиси дайындаса, үчүнчүсү аларга көзөмөл жүргүзсө, бийлик аларга айлык акы төлөсө эч качан сот калыс, адилет болбойт. 30 жыл турмуш муну даана көрсөтүп, далилдеп бербедиби.
- Сиз жазган башмыйзамда бул жөнүндө эмне сунушталган?
- Жогорку соттун мүчөлөрүн Элдик Курултай (1150 делегат) Президент менен бирге консенсус аркылуу шайлайт. Ага талапкерлер 55 жаштан өйдө 20 жыл сот болуп иштегендер гана болууга тийиш. Алар 10 жылга шайланат.
Жергиликтүү сотторго талапкерлерди Жогорку сот Элдик Курултайга сунуштайт. Элдик Курултай 60% добуш менен колдосо, ал талапкер жергиликтүү калктын шайлоосуна барат. Калк шайлаганда гана ал сот болуп 5 жыл иштейт. Талапкер 35 жаштан өйдө, соттармагында кеминде 10 жыл иштеген тажрыйбасы болууга тийиш.
- Кыргыз Ак үйдү үч жолу алып, үч президент берген антын унутуп, артын карабай качты. Муну токтотсо болобу?
- Албетте, болот. Ал үчүн президентти жерге түшкөн кудай кылган, анын тууган, досторун, шоопурун, жансакчыларын периштеге айланткан азыр күчүндөгү башмыйзамды тез арада эл бийлигин орноткон, улуттук дөөлөттү ыйык туткан элдик башмыйзамга алмаштыруу зарыл.
Президент ар жыл аягында элге, элдик Курултайга отчет берип, өз ишине элдин баасын алып турганда гана ал жерде жүргөн кудай - деп өзүн сезбей элден кол үзбөй, элге жакын болот.
- Эгерде азыркы башмыйзамды бир аз оңдоп түзөтүп койсо өлкө абалы оңолобу?
- Эл ого бетер кыйналат, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуу коркунучу күчөйт, эл президентти алмаштырууга аргасыз болот.
- Конституциялык кеңеш өкмөт жоюлат, жоопкерчиликтин баары президентте болот, Жогорку Кеңештин депутаттары 90, анын 55ин партиялар шайлайт деп сунуштаптыр. Бул бир топ жаңылык да!
- Өкмөт жоюлганы абдан жакшы. Көпчүлүктүн пикири 45 депутат жетет, партиялардан шайланганды жоюш керек деп жатат. Президенттин жоопкерчилиги кантип ишке ашат? Ал көрсөтүлгөн эмес. Элдик Курултай коомдук уюм болсо, андай башы кесилип, колу байланган курултайдын кереги барбы?
Мамлекетти башкаруу дүйнө өлкөлөрүнүн баарында кризиске учурады. Ал бүгүнкү үйүлүп, чаташып калган көйгөйлөрдү чече албай калды. Алардын баары жалпы эл өлкө башкарууга жигердүү катышканда гана чечилиши мүмкүн.
Демек, жаңы Башмыйзам ошого мыйзамдуу жол ачып бериши керек эле.
Кыргыз жарым-жартылай кылым уйкудан ойгонду. "Эл толкуса - сел" дегеңдей, сел башталды!, аны эч ким токтото албайт. Токтото турган бир эле шарт бар кыргыздын тарыхый тажрыйбасына ылайык жаңы башмыйзам менен өлкө башкарууга элге жол ачып берүү.
Муну терең түшүнүп, ишке ашыра албаган саясатчылар элдин тепсендисинде калаарын түшүнбөй жатат.
1. Мамлекет бийлигин тартып алуу, аны топтун, саясий партиялардын кызыкчылыгына пайдалануу мамлекетти уратуу кылмыш иши деп бааланат жана эң жогорку жаза колдонулат.
2 берене, 2 тарам.
2. Мамлекет бийлиги улуттук дөөлөткө доо кетирип, залакасын тийгизген же ага үстөмдүк кылган саясат жүргүзбөйт. Мындай аракеттер улут алдында кыянаттык жана кылмыш иши деп каралат.
2 берене, 3 тарам.
3. Улуттук дөөлөт (тил, тарых, салт, маданият, кол өнөрчүлүк, тамак аш ж.б.) мамлекеттин коргоосунда, өнүктүрүүсүндө жана камкордугунда болот.
4 берене, 2 тарам.
4. Бийликтин шимердүүлугү коомдогу адилеттүүлүк, калыстык жана бабаларыбыздын наркын, саясатын сактоо абалы менен бааланат.
5 берене, 3 тарам.
5. Адамдын эркиндиги жана укугу чексиз болбойт. Ал ыймандуулукту жана адептүүлүктү өзүнө камтып, сиңирген түбөлүк рухий наркка, үй бүлөнүн, коомдун, элдин мыйзам бекиткен эреже талаптарына баш ийет.
11 берене, Зтарам.
6. Улуттун учун улаган улуу жана чексиз түйшүгүн урматтап, тарткан азабына таазим этип, ар адамга жан эненин жаны, жүрөгү, каны аркылуу берилгенин ыйык тутуп, аялзат үйдүн тилеги, шам чырагы, куту, журттун асылы, сыймыгы деп баалап, ага кам көрүү, аяр мамиле кылуу - ар адамдын, бүткүл коомдун, мамлекет бийлигинин башкы милдети жана жоопкерчилиги болуп саналат.
11 берене, 8 тарам.
7. Улуттук дөөлөттү сактап, өнүктүрүп, кийинки муундарга кемитпей, мурастап берүү - ар адамдын улут алдындагы ыйык парзы, улуу милдети деп каралат жана мамлекеттик бийликтин жоопкерчилиги деп эсептелет.
11 берене, 9 тарам.
8. Мекен, улут, ыйман- рухий нарктар дүнүйө байлыктан, мансаптан, утурумдук саясаттан, максаттан жогору турат жана алардан бийин бааланат.
11 берене, 10 тарам.
Маектешкен Н.КАМБАРАЛИЕВ
Булак: Жаңы Ордо гезити