www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Женго” каймана аты менен белгилүү болгон кримавторитет Кадыр Досоновго жаңы кылмыш иши козголгонун УКМКнын басма сөз кызматы 17-февралда билдирди. Досоновго карата “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бир нече жолу соттолгон “Дженго” буга чейин эч жерде иштеген эмес. Ал ишкердүүлүк менен да алектенбейт, бирок кыймылдуу (ар кандай класстагы 19 автоунаа) жана кыймылсыз мүлккө (15 турак жай, 35 жер тилкеси) ээлик кылат. Мунун баардыгы жакын туугандары жана аффилирленген тараптарга катталган.

Досонов ошондой эле курулуш компанияларына бир катар ири акчалай салымдарды салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости