www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай «Ажыдаары» Орто Азиянын жерине көз артты. Тажикистандын тарыхый аймактары Кытайга таандык экени эбак эле белгилүү болгон. Бул тууралуу Platon.asia сайты жазды. Макала NazarNews маалымат агенттиги тарабынан кыргызчаланды.

Коронавирус менен алпурушуп жүргөн маалда, биз эле эмес  көптөгөн маалымат каражаттары, Кытай Тажикстан аймагынын бир бөлүгүнө тээ  июль айында эле "Жайлап" көз артып  койгонун байкабай калдык.  Июль айынын экинчи жарымында, Кытайдын журналист-тарыхчысы Чу Яо Лунун "Батыштын кысымы менен Цин династиясынын аягында (1644-1912) жоголгон Тажикстан мамлекети кайра Кытайга ата-бабаларынын жерин кайтарып бере баштады" деген макаласын жарыялады.  Бул кабар Кытайдын расмий бийлиги тарабынан тымызын жактырылган.  Буга жооп катары "Тажикстан Кытай бийлигин провокациялык  билдирүүлөргө каршы күрөшүүгө чакырды". Кытайлар  Орто Азия аймагына, Кыргызстан менен Казакстандын курамына кирген жерлерден тышкары бүтүндөй Памирди алчуудай. Жазында кытайдын ЖМКлары Кытайдын Казакстанга жана Кыргызстанга болгон дооматтары  "расмий эмес"  деп жазышканы бекеринен эмес экен да көрсө.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кытай Тажикстандагы бир катар жерлерин мурдатан бери эле  талап кылып келген жана ал үчүн "пландар" бир нече жолу айтылып келген.  Акыркы жолу 2013-жылы болгон. 2016-жылдын аягында бир катар кытай илимпоздору расмий иликтөөлөрдү жүргүзүп Тажикистандын тарыхый аймактары Кытайга таандык экендигитн айтышкан. Биздин оюбузча, Кытайдын Тажикистандын аймагына көз артканынын бирден бир себеби: бийик тоолуу аймакта жайгашканы, "жер алтынга жана башка баалуу металлдарга, минералдарга бай". Буга кошумча, Бейжин үчүн Памир, Афганистандын жана Борбор Азиянын тоосунун босогосунда турган стратегиялык геосаясий аймак болуп саналат. Кытайдын максаты өз  аскер күчтөрүн ушул жерге жайгашыруусунда өңдөнөт. Өткөн жылы The Washington Post гезити Кытайдын аскер бөлүктөрү Тажикстандын түштүк-чыгыш чек арасына, Ооганстандын Вахан жерине жакын жерде топтолгону жөнүндө жазып чыккан.

Биринчи алака-бересе 1999-жылы августта КЭРдин аймактык концепссиялары Маркансу дарыясынын жанындагы 200 чарчы чакырым жер тилкеси Кытай мамлекетине өткөндө болгон.  Экинчи жолу - 2002-жылы май айында Тажикстан Кытайга Мургаб аймагынын 998 чарчы чакырымын берген. Андан кийин 2011-жылы Рахмондун мегилинде "каржылык жардамдын ордуна" КЭРге Памир аймагындагы Тажикстандын 1158 чарчы аймагын өткөрүп берген. Жогорудагы Чу Яо Лунун макаласында   бул процесс "Тажикстан өз жерлерин Кытайга өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп, жоголгон Памир тоолору чыныгы ээсине кайтарылды" деп аталат. 

Белгилүү болгондой, 2010-жылы Кытай менен Тажикстан чек ара боюнча келишимине кол коюшкан, ага ылайык "карызды кечүү боюнча бүтүмдүн алкагында Памирдеги болжол менен 1158 чарчы чакырым аймак" Кытай мамлекетине өткөн.  Андан кийин тажик оппозициялары Рахмон Кытайга пара берип, бул аймак жарым миллиард доллар  менен кытайга акчага айланганын  айткан.

Ага кошо, эми тажик тараптын официалдуу медиасы  "Тажикстан Кытайдын тикелей инвестицияларын көбөйтүүнү көздөп жатат" деп жазып жатышат.  Буга байланыштуу белгилүү тажик диссиденти Темур Варки өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында: "Бул сөздүн өзөгү карызды төлөөнүн ордуна, Кытай жаңы кен чыккан жерлерди же аймактын бир бөлүгүн Кытайга берүүгө, сатууга даяр экендигин билдирет." Жакында эле "Тажикстан Кытайдан пандемияга байланыштуу насыя алуу шарттарын кайра карап чыгууну суранды" дейт.  Көз карандысыз эксперттер Тажикстандагы Кытай инвестицияларын "колониялык" деп эсептешет, эгерде Душанбе бул насыяларды төлөй албаса, Бейжин өзүнүн катаал шарттарын коет.  Баса, Кытай Тажикстанда бир нече алтын кенин жигердүү иштетип жатат, тажикстандагы жалпы саны 145 объектти түзөт.  Анын үстүнө тажик бийлиги Кытайга бул алтын кендерин "карыздардын эсебинен" иштетүүгө уруксат берген.  Ошентип, 2018-жылдын жазында тажик бийлиги өз эсебинен Душанбе-2 ТЭЦин курган ТВЕА кытай компаниясын дагы бир кенди иштетүү укугун өткөрүп берди, анткени кытайларга берилген алгачкы эки алтын кенинин ресурстары карызды төлөө үчүн жетишсиз болуп калган.

Айтмакчы, бул ТВЕА Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо жана модернизациялоодо миллиондогон насыянын алкагында иш жүргүзгөн, эгерде аны кайтарып бербесе, анда Кытай Кыргызстандын аймагындагы айрым кен байлыктарды талап кылуусу талашсыз.  Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча насыя келишиминде, “эгер өлкө пайызын же насыясын төлөй албай калса, анда Кытай эли каалаган мүлкүн талап кыла алат" деп жазылган. Баса, 1999-жылы мартта Казакстан дагы Кытайга 407 чарчы чакырымы "талаш" болгон аймакты өткөрүп берген.  Кыргызстан өз кезегинде Кытайга 1996-жылы болжол менен 125 миң гектар, 2002-жылы 95 миң гектар жерин өткөрүп берген.  Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кытайга насыяларды төлөп берүү мүмкүн эместиги ташка тамга баскандай эле көрүнүп турганын, Кытайга аймактын бир бөлүгүн же баалуу металл кендерин берүүсү талашсыз экени эл оозунда айтылууда.

Америкалык "Улуттук Экономикалык Изилдөө Бюросунун" аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Кытайга ИДПга карата карыздары төмөнкүдөй: Кыргызстан - 30,5%;  Тажикстан - 16,1%;  Түркмөнстан - 13,4%;  Өзбекстан - 7,5%;  Казакстан - 3,6%.  Ошентип, Кыргызстан кооптуу зоонада же болбосо “Кызыл зоонада” турат.  Изилдөөчүлөр Кристоф Требеш, Себастьян Хорн жана Кармен Рейнхарт "Кытай финансылык кирешелүүлүк үчүн насыя бербейт. Аны чийки затка жана геосаясий таасирге кызыкдар" деген бүтүмгө келишкен.  Кытай насыялары көбүнчө кытай компанияларынын жабдууларын жана жумушчу күчүн жеткирип берүүгө жумшайт.

Жогоруда айтылгандар кытайдын биздин экономикага жана өлкөдөгү жер тилкелерине боюнча кооптонууда, Орто Азиядагы кытай инвестициялары кытай империясынын жолун куруп жаткандыр. Ушуга байланыштуу, көз карандысыз казакстандык саясий серепчи К.Бейсебаевдин Platon.asia сайтына берген интервьюсунда келтирилген бир сөзүн белгилеп кетсек:

“Көп жылдар бою өлкө жетекчилиги Кытай менен тымызын кызматташтыкты сактап келгенин айтууга тийишмин. Кызык көрүнүш жаралат. Биз Кытай менен кызматташып жатабыз, бирок чиновниктерибизден алгылыктуу жооп ала албайбыз. Биздин чиновниктер Кытайга байланыштуу маселелерди ачыкка чыгарбоо боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерди алышкан окшойт”. Ошондуктан, Орто Азия лидерлери саясатты өз өлкөсүнүн кызыкчылыктары үчүн колдонушу керек. Андыктан биздин аймак башка державаларга өтүп кетпеши үчүн аракет жасашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости