www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай өкмөтү Угандага 5 миң 983 тонна күрүч берип, өлкөдөгү азык-түлүк тартыштыгын жоюуну максаттоодо.

Азык-түлүк жардамы кечээ Уганданын борбор шаары Кампалада тапшырылды.

Кытайдын Кампаладагы элчиси Чжэн Чакюан, Эль-Ниньонун айынан өткөн жылдан тарта Уганда да арасында болгон көптөгөн Африка өлкөсүндө азык-түлүк тартыштыгы болуп келе жатканын айтты.

Кытай өкмөтүнүн бул боюнча жакындан алектенип жатканын эске салган элчи, Угандага берилген азык-түлүк жардамдарынын 2015-жылы өткөрүлгөн Кытай-Африка кызматташтык форумунун Йоханнесбург саммитинде чыгарылган чечимдердин бир бөлүгү экенин сөз кылды.

Уганданын премьер-министри Рухака Ругунда болсо Кытай өкмөтүнө көрсөткөн жардамдарынан улам ыраазычылык билдирди жана мунун Кытай-Африка достугунун символу экенин айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости