www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Аликбек мырза, Бакиевдин бийлиги менен Атамбаевдин бийлигинин айрымачылыгы кандай болуп калды?

-Орусиянын президенти Владимир Путин айтпады беле, “Бакиев мурунку бийликтин тырмоосун басты”, деп. Азыр ошол эле Атамбаев “Бакиевдин тырмоосун басты”, деп айтсак болот. Мурун Бакиевдин үй-бүлөөсү башкарса, азыр Атамбаевди шоопуру менен жан сакчысы башкарып жатат. Элди алдамай, элге калп айтмай. Парламенттик башкаруу деп келген кайда ошол парламенттик башкаруу. Тилекке каршы парламент эч нерсени чечпейт. Мына, бир фракциянын жетекчиси келип койдубу? Келген жок, келе албайт дагы. Анткени баарысы эмне болуп кетээр экен четте карап турушат. Алар өздөрүнүн коллегасын колдой албаганы менен алардын башына да ушундай күн түшүшү толугу менен мүмкүн. Бир шылтоо таап кылмыш ишин козгоп камап коет. Ар бир адам жеке кызыкчылыгын ойлобой мамлекеттин кызыкчылыгын ойлой турган мезгил келди. Болбосо биз алакандай элбиз. Өтө кооптуу абалдабыз. Элде бийликке болгон ишенбөөчүлүк аябай күчөдү. Ар бир үй-бүлө бийликтин жардамы жок эле өз оокатын кылып келүүдө. Эч кимге ишенбей калды. Ошол нерсенин өзү кооптуу.

-Ушул тапта Казактсандын ММК Алмазбек Шаршеновичти каттуу талкууга алып жаткан мезгили. Бул көрүнүшкө Сиздин көз карашыңыз кандай? Демек, эл аралык деңгээлде Алмазбек Шаршеновичтин аброюн түшүрүүбү же күнөө биздин президенттеби....

-Менин оюмча дегеле Алмазбек Атамбаев, Брюсселде эл аралык деңгээлде туура эмес сүйлөп катачылык кетирди. Бул өзүн гана эмес, кыргыз мамлекетине, кыргыз элине доо кетиргендей сөз болуп калды. Европага барып, кошуна мамлекеттеги 7 жыл мурун окуяны айтып даттанат. Бул көрүнүш дипломаттык жана этикага да туура келбейт. Жакшылыкты да билиш керек. 2010-жылы казактар бизге аябай чоң жардам көрсөткөн. Өлкөнү башкарган адам өткөн күн же кечээки күн менен жашабай алдын-ала ой жүгүртүп, келечекти ойлош керек. Артында эл турат, элди уят кылбайын өзүнүн гана эмес, элдин намысын дагы эстеш керек. Чындыгында Атамбаевдин бул сөзүнө казактар катуу жооп берди. Бирок казак менен кыргыздын ортосундагы мамиле эч качан бузулбайт деп ойлоймун. Анткени бизде тууганчылык мамиле бар.

-Аликбек мырза, Сиздин көз карашыңыз боюнча Атамбаев кандай президент?

-Мурун Атамбаев экөөбүз бири-бирибизге дос деп сүйлөшүп жүргөнбүз. Дос болсок деле айтып коюшум керек, “эсиң барда этегиңди жый”, деп. Эгер бийликтен жакшы кетем деген президент Баш мыйзамды өзгөртүп, ушундай ызы-чууларды жаратып, мындай кадамдарга барбайт болчу. Бир нерсени эске сала кетиш керек, бийлик менен байлык чоң сыноо. Ошону көтөргөн киши көтөрө алат.

-Өмүрбек Текебаевге кайтсак, аны камактан чыгарабы же жокпу?

-Менимче аны чыгарбайт. Азыр бүт баары УКМК, Башкы прокуратура Ак үйдүн буйругу менен иштейт. Алар эмне десе ошону кылат.

-Быйылкы жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө жыл, президенттик шайлоо. Ошондо кыргыз эли мураскерди тандап алышыбыз керекпи же эл өзү каалаган адамын президенттикке тандап алышы керекпи?

-Мен ойлойм, мураскерди эч ким шайлабайт. Анткени, бүгүнкү күндө бийликтин аброю жана таасири жок. Эгерде бийликтин аброю аябай эл арасында даңазаланып, элдин турмушу оңолуп, экономикабыз өсүп баардык жагынан төп келген бийлик болгондо анда эл өзү эле  бийликти укмак. Азыр бийликти эл укпайт. Жалпы эл эч качан булардын мураскерин колдобойт. Элдин тилеги азыр такыр башка. Бийликке келе турган адам командасы менен келиши шарт. Билимдүү дасыккан адамдар, элди ойлогон кишилер келиши керек. Келген бийлик эле, “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем”, деп келип атат. Бизде баары элдин колунда, эл акчага сатылбай, жердешчиликке, тууганчылыкка тартпай элдин кызыкчылыгын ойлогон чыныгы талапкерин тандап алышы зарыл. Эл добушун сатпай, сатылбай өзүнүн келечегин ойлосо.

-Президенттикке талапкерлигиңизди коёсузбу...

-Жок, ал жөнүндө ойлонгон дагы эмесмин...

-Маегиңизге рахмат.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости