www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлар эмне үчүн узак жашашат?

Кытай - тарыхы бай, салты бекем мамлекет. Эркектердин орточо жашы жетимиш беш болсо, аялдардыкы сексен жаш болуп эсептелинет. Орто жаштан ашкан карысынын да акылы тунук, энергиялуу болот. Мындай артыкчылык менен ар бир эле өлкө мактана албаса керек. Кытай элинин узак жашоосунун сыры жөнөкөй - көп кыймыл жана туура тамактануу.

Тамактын эрежесин бузбайт

Кытайлыктардын негизги эрежеси - тамакты бат даярдап, шашпай жеш керек. 4 саатта бир тамактанып турушат. Алар азыктарды көпкө бышырбайт. Тескерисинче азыктарды сууга чылап жумшартып алууга көбүрөөк убакыт жумшайт. Ал эми кууруганда пайдалуу заттарды сактап калуу үчүн 1-2 мүнөт отко коюшат, Тамагына шекер менен туз колдонушпайт. Шекердин ордуна жемиштердин ширесин, ал эми туздун ордуна чөп-чар, соя ширесин колдонот. Крахмал - эс-тутумду жакшыртууга жакшы жардам берет. Андыктан бул азыкты балык кууруганда, күрүч демдегенде кеңири колдонушат. Кытайлыктардын пикиринде айран, сүт, сыр, быштак кайра иштетилгендиктен бузулган аэык болуп саналат. Андыктан бул сүт азыктарын күнүмдүк тамактануусунда колдонушпайт. Кытай таякчалары да өзүнө философияны камтыйт. Аны менен адам шашпай аз өлчөмдө тамактанып арыктоосуна шарт түзөт.

Сергек таң

Кытайлыктар 8 сааттан кем укташпайт. Эрте жатып, күн менен тең ойгонушат. Ар бир кытайлык таңын цигун көнүгүүлөрү менен баштайт. Ци - энергия, гун - энергияга ээ болуу чеберчилиги деп которулат. Бул көнүгүү адамды жаратылыш менен гармонияда жашоого үйрөтөт. Жеңил кыймыл сөөктү, булчуңду бекемдейт. Туура дем алуу менен терс энергия сыртка чыгып, жаңысы кирет. Организм табигый жол менен тазаланып, адам күнү бою сергек жүрөт. Ушундан улам алар "бир күн тамаксыз жашай алам, энергиясыз жашоо мүмкүн эмес" деген пикирди карманышат.

Күрүч - рак илдетинин алдын алат

Күрүч бул өлкөдө өзгөчө сыйга арзыган азык. Күрүчтү алар ар бир тамагына пайдаланып бир күндө 3 жолу жешет. Себеби анын артыкчылыгы - онкологиялык оорулардын алдын алат, Ичеги рагында тынымсыз колдонсо ооруну басаңдатуучу касиетке ээ. Мындан сырткары кытайлыктар кайсы бир тамакка ууланганда бир гана сууга бышкан күрүч жешет. Күрүчтүн курамындагы В витамини нерв системасынын иштөөсүн жөнгө салса, лецитин мээнин иштөөсүн жакшыртат. Күрүчтө калий көп болгондуктан жүрөктүн булчуңдарын бекемдеп, иштөөсүн жакшыртат. Ошол эле учурда калий организмге киргенде ашыкча туздарды заара аркылуу айдап чыгып бөйрөк ооруларынын алдын алат.

Малдын этин кытайлыктар деңиз азыктары менен алмаштырышат. Себеби балыктын этинде белок көп, калориясы аз жана тез сиңимдүү. Деңиз азыктары фосфор менен калийге бай. Жумасына 2 жолу балык этин жеп турса адамдын мээсиндеги кан айлануу жакшырат. Инсульт же инфаркт болуу коркунучу 80 пайызга кыскарат. Кытайлыктар жай мезгилинде угорь (жылан келбеттүү балыктын бир түрү) балыгын жешет. Анткени анда белок көп. Адамдын организминде белок көп болсо ысыкта ашыкча тердебейт, иш жөндөмдүүлүгү артат. Кальмар балыгын күндө жешет, Бул балыктын курамында суу көп, май аз. Бөйрөктө таш пайда болгондо, холестерин көбөйүп кеткенде бул балык абдан пайдалуу. Мунун курамында Е витамини бар болгондуктан, адамдын териси да жылмакай болуп кеч бырыш түшөт.

Суусундукту кылдат тандашат

Тамактануу учурунда чай же суу ичишет. Жаз мезгилинде терилген чайдын жалбырагы эң баалуу жана ден соолукка пайдалуу болуп саналат. Көк чайды атайын фарфор чайнекке демдешет. Башка идиштен чайдын пайдалуулугу жоголуп кетет дешет. Көк чай кымбат болгондуктан орточо жашаган үй-бүлө жумасына бир жолу гана иче алат. Калган убагында суу гана колдонушат. Кытайлыктардын 80 пайызы ичимдик колдонбойт. Арак менен шарапты "жүрөккө сайылган бычак" деп санашат.

Тынымсыз кыймыл

Калкынын 90 пайызы дайыма кыймылда болот. Мисалы, Гуанси провинциясынын Бама айылы "узак жашоо аймагы" деп аталат. Себеби адамдар карыганга чейин талаа иштеринде эмгектенишет. Ал эми такыр эле кара жумушка жарабай калган карысы балдарды кароо милдетин алат. Кытайда ар бир экинчи үйдө төрт муун жашайт. Төртүнчү муундагы кыбыра эң улуусуна өзгөчө урмат менен мамиле кылат. Мындан сырткары жалпы эреже камтылган. Алар: ар бир тамактануудан кийин жөө басуу, жөө сейилдөө, үй иштерин өз алдынча аткаруу.

Тынч уйку, таза аба

Бул калк үчүн уктоочу бөлмөнүн жасалгасы, абасы чоң мааниге ээ. Уктоочу бөлмө жашыл же көгүш түстө болуусу керек. Гүл сөзсүз түрдө өстүрүлөт. Аквариум же жөн гана идишке куюлган сууну уктоочу бөлмөгө коюшат. Себеби суу таза энергиянын, тынчтыктын булагы деп эсептелинет. Уктоочу бөлмөдө, кире бериште эч качан кузгү болбойт. Анткени үйдө жашаган адамдардын оң энергиясы чыгып кетет деген ырымды колдонушат. Кытайлыктардын узак жашоосунун сыры - тынч уйкуда. Уйкусуздуктан жапа чеккенде 30 грамм финик жешет. Себеби бул азык адамдын нерв системасын тынчтандырып, уйкуга чакырат. Ал эми жакшы уйку жалпы организмди, өзгөчө бөйрөктү, боорду, өпкөнү толук кандуу эс алдырат. 

Ийне терапиясы оорунун алдын алат

Европалыктар оорунун баары нервден деген пикирде Ал эми кытайлыктар оорунун баары цигун энергиясынын жоктугунан же аздыгынан деп эсептешет. Ал тургай адамда ци энергиясы аз болсо ийне терапиясын колдонушат. Бул терапия иштебей аткан нерв системасын иштетип, иммунитетин чыңдайт. Сасык тумоого каршы ден-соолукту чыңдоо бул өлкөдө мыкты өнүккөн. Жогорудагы терапиядан сырткары женьшенди колдонушат. Бул чөптүн жалбырагынан, тамырынан дары, мазь, порошок даярдашат. Женьшень - кан айланууну жакшыртып, иммунитетти көтөрүп, аз кандуулуктун алдын алат.

Анара Дүйшөналиева

Булак: Леди.kg


 

 

 

Последние новости