www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыз абийири канча турат?

Бардык эле эксклюзивдер сыяктуу биздин жашоодо кыздык белги да сатылат жана жасалат... Бир аз мурун Америкадан келген эркиндик менен кең машиналардын изи бизге секс революциясын алып келди. Азыр өзгөрүүлөрдүн убагы болгондуктан, бизге Европа абийир модасын жеткирип жатат. Анын маанисин ар кандай түшүнсө болот. Анда алгачкы сөз гименопластика тууралуу болсун.

Гименопластика

Гименопластика – кыздыкты калыбына келтирүүчү операциясын биринчилерден болуп 1962-жылы италиялык гинеколог Бернуло жасаган. Алгач бул операцияны жасоо оорго турган. Себеби жука жана сыйгалак чел кабыкты калыбына келтирүү хирургияда өтө кылдаттыкты талап кылат. Ошентип, анын жасалганына бир жыл өтпөй 35 миң европалык айым бул пластикалык хирургиянын кызматына кайрылган. Азыр бул экзотикалык процедура тишке пломба коюлгандай эле жасалып калды. Эгер официалдуу маалыматтарга таянсак, акыркы 3 жыл ичинде мындай клиникалар 25 пайызга көбөйдү. Гименопластика жасалган ар бир эмканада жумасына 4-5 операция кылынат. Борбор шаарыбызда кыздын абийирин калыбына келтирүүчү операция(кепилдиги менен) 100 доллардын тегерегин түзөт. Ал эми арзан клиникаларда 1500 сомдон жогору турары маалым болду.

Адамдын эстетикалык эмес, этикалык маселелерине арналган гименопластика алгач Амирикада, Кытайда, кийин Араб Эмираттарында, Россияда кеңири тарап, 90-жылдардын башында бизге да жеткен.

Гименопластика – кыздык белгини калыбына келтирип тигүү. Анын 3 күнгө чыдаган жана мөөнөтү чектелбей, алгачкы жыныстык катнашка чейин сакталган түрү бар. Жыныс кынына операция жасоодо тигиштердин жибин алганда кыйынчылык туудурбаш үчүн ойлонуп табылган, бир нече убакыттан кийин эрип жок болуп кетүүчү жиптер да колдонулат. Биринчи түрүндөгү кыздык белгини тиктирген кыз үчүнчү күнү жыныстык кошулууга барбаса, тигиштер ажырап кетип, анысынан айрылат. Тыянагында көздөгөн максаты орундалбайт. Ошондуктан дарыгерлер ага 3 күндөн ашык кепилдик беришпейт. Ал эми “үч катмарлуу гименопластика” деп аталган экинчи түрүнө көп убакыт сарпталып, ал бир нече этап менен жасалат. өзгөчөлүгү, мында кыздык белги жатындын оозундагы чел кабыктан кайрадан жасалып, калыбына келтирилет. Дарыгерлердин көрсөтмөсү менен жалпы же жеринде наркоз берилип, анан операция жасалат. Гименопластиканын ушул түрү Кыргызстанда жокко эсе. Жыныстык катнашта дайыма жашап жүргөндөргө бир жолу гана жыныстык катнашка баргандарга салыштырмалуу кыздык белгини тигүү абдан кыйынга турат. Бул жолго барууну каалаган кыз сөзсүз гинекологиялык текшерүүдөн өтүп, талап кылынган анализдеринин баары ойдогудай чыкканда гана гименопластика жасалат. Бул жерде адамдын психологиялык жабыркоосу кылдаттык менен каралат.

Зыяны тууралуу

Гименопластиканын коркунучу барбы же жокпу? Бул жолго баруунун кажети барбы? Ушул суроону ар бир кыз жакшылап ойлонуп алышы керек. Турмуш оюнчук эмес. Эгер нике калп менен башталса, аягы да ошондой аяктаарын эркек да, кыз да эстен чыгарбашы зарыл. Сүйүшкөн жаштар бул нерсеге түшүнүктүүлүк менен мамиле жасаганы жакшы. А эң башкысы, никеге чейин аны сактап калуу ар бир кыз үчүн ыйык милдет болушу шарт. Экинчиден, түбөлүк жары болчу жолдошун алдап турмушка чыгуу динде кечирилгис күнөө болуп эсептелет.

Ал эми медицинада гименопластика адам өмүрүнө зарыл деген ткандарга тийбегени менен, аны жасоого тыюу салган бир нече талаптар бар. Ал коомубуздагы терс көрүнүш болсо да, медицинада кеңири колдонулуп жатат. Бирок ал кыздардын эч убакта куткаруучусу боло албайт. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, мындай күнөөлүү жолго баруу кимдин жан дүйнөсүнө тынчтык бермек эле? Ошондуктан жакшылап ойлонуп, бул маселени эч кандай кооптуу операциясыз эле, акыл калчап жыйынтык чыгарса жүйөлүү болорун билсек.

Батышта мода, бизде салт...

Кыздык белгиге болгон мамиле ар кандай доордо ар улутта ар башкача болгон. Мисалы, мындан бир нече жүз жыл мурда Түштүк Америкада аны табияттын катасы деп эсептешип, энелер бул катаны оңдош үчүн кыздарынын кыздык белгисин атайын жыгач каражаттар менен алып салышчу. Африканын кайсы бир урууларынан да бул көрүнүш байкалчу. Чыгыш жана Батыш Европа маданияттарында, тескерисинче, аны никеге чейин сактап калуу баалуулугу салт катары кармалган. Орто кылымдардан баштап Европада абийир маселеси эске деле алынбай калган. Бир чети 19-кылымдын аягында кыздык белги бул жактарда да мода сыяктуу эле көрүнүшкө айланып кеткен. Эмнеге? Мурда абийир маселеси анча деле маанилүү ролду ойнобогон өлкөлөрдө азыр кыздык белгинин модага айланышын алар дин фанаттарынын жаштардын баш аламан жашоосуна каршы чыкканы менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле турмушка чыкканча абийирин сактайм деген жылдыздар да фанаттарына ушундай түшүнүктү киргизип коюшкан. Мисалы, Бритни Спирс өз убагында турмушка чыкканча кыздыгын сактагысы келгенин айткан.

Ошондой эле олуттуу жыныстык оорулардын көбөйүшү, аларды жуктуруп алуу коркунучу, баш аламан секс акыры жакшылыкка алып келбегенин түшүнгөндөр абийирди баалай башташкан. Кээ бир өлкөлөрдө кыздык белгиге болгон суроо-талап дагы деле абдан чоң. Мисалы, Дубайда үйлөнгүсү келген жигит келечектеги жубайынын ата-энеси менен нике келишимин түзүп жатканда анда кыздын сөзсүз абийири болушу эскертилет. Андай болбой калган учурда келинчегин кайра жеткирип берүүгө толук укуктуу болот. Албетте, кайтарылып берилген кызды уят күтөрү талашсыз. Бирок Америкада да ушуга окшош көрүнүштөр байкалат деп ким ойлоптур.

1993-жылы Америкада "True Love Waits" – “Чыныгы сүйүү күтүп жатат” деген кыймыл пайда болгон. Анын жаралышы да абдан кызыктуу. Жогорку класста окуган кыздар кокусунан дагы эле кыз боюнча экенин айтып алышат. Ошондо бүткүл мектептин окуучулары аларды шылдыңдашат (Америкада статистика боюнча, кыздардын 28 пайызы 14-16 жашында эле абийирлеринен ажырашат). Басынып калган өспүрүмдөр кимден колдоо издээрин билбей, атайын чиркөөгө барып, окуясын айтып беришет. Ал жердин кызматкерлери андан уялыштын кереги жок экенин, аларга колдоо көрсөтүү үчүн абийирин сактаган жаштардын аларга кайрылуусун суранышат. Бир айдан кийин жүздөн ашык өспүрүм ага кайрылып, атайын уюм ачылат. Бир аздан соң Вашингтондун Капитолия мекемесинин алдына 200 миңдей жаштар “мен никеге чейин аруулугумду сактап, Жараткан менен түбөлүк жарымдын алдында өмүр бою таза болгонго сөз берем” деген жазуулары менен чыгышкан. Ошентип, Америкада ачылган бул кыймыл дүйнөнүн бардык бурчуна тараган. Азыр бул коомдо 2,2 миллиондон ашык адам бар. Россияда да мындай кыймылдын мүчөлөрү болгон кыздар атайын клубдарга чогулуп алышып, абийирдин маңызы тууралуу сүйлөшүп, чогулуштарды жасап турушат. А бизде абийир маселеси тээ атам замандан бери кыздардын аруулугунун, тазалыгынын, ыйманынын белгиси болуп саналган салт катары сакталып калмакчы.

Кызыктай салттар

Байыркы орус салттарында үйлөнүп жаткан мырзанын күйөө жолдошу нике түнүндө жаш түгөйлөр менен бирге калып, досу өз ишин аткара албай калган учурда тиги анын ордун ээлегенге милдеттүү болчу.

Африканын кайсы бир уруулары кыздык белгини сактап калыш үчүн күрөшүшкөн. Апалар кыздарынын жыныс кынынын оозун бала чагында эле тигип салышчу. Аны качан ал турмушка чыкканда тойдун алдында аксакалдар кеңешинин тобунда гана чечишкен.

Сибирдин кээ бир аймактарында кыздарды бул белгиден ажыратуу үчүн чет өлкөлүк конокторду чакырышчу. Себеби кыздан чыккан кан менен кошо ата-бабалардан каргышы ошол эркекке кошо өтүп кетет деп коркушчу. Ал эми чет өлкөлүк мырзалар бул жамандыкты өзү менен кошо алып кетишсин деп жорушчу.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости