www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьердин ордун ээлеген Мамытканов түрмөлөрдү кыдырып жүрөт, ишти түрмө менен баштабай калк коронавирус дартынан карайлап турганда калктын саламаттыгын сактап тургандардын ал-абалын сураса болмок. Мекенибизди жалпы эле ааламды кара булут айланып турат. Акыркы мезгилде өлкөбүздү будуң –чаңга батырган массалык дарттын себеби эмнеде? Адам катуу шок болгондо ооруну сезбей калат. Көпчүлүк билгендей кырсыкка чалынган адам, буту же колу сынса деле кыймылдап, башкаларга жардам берип, оорусун сезбейт. Качан дарыгерлер келип, жоопкерчилик аларга өткөн соң, оорулар башталат.

Ушул сыяктуу эле жазында болгон карантинден улам эл катуу психикалык басым алды, массалык маалыматтардын кырдаалды драмалаштырып, канча киши жуктуруп, канча киши ушул оорудан көз жумду деген маалыматтары көпчүлүктү коркунучка бөлөп турду. Мындай кысым алынган соң дене бойдо алсыздануу пайда болуп, башка дартка чалдыгууга жеңилдиктер түзүлдү. Жаратылыш адамдардын организминде дем алуу органдарына кыйынчылык түшүрүп, өпкөсүнө күч берип койгон. Адамдардын башына кайгы –капа, кубаныч түшкөндө, же катуу эмоциялык ой –толгоолорго чалдыкканда дем алуу органдары бузулат. Ошондуктан пневмония  – бул коркунучтан кийин түзүлгөн дененин алсызданышынан улам чыккан. Ар бир эмоция адамдын органдарына жооп берет, коркунуч – өпкөгө, кайгы –боорго, ачуу –көк боорго, маркумдарга жашып ыйлоо бөйрөктөгү таштарга таасир этет.

Медициналык жактан айтканда коронавирус бул жөн гана оорулардын бири. Бирок коркунуч психологиялык жактан, коркунучтан улам, ДНКга жана организмдин башка клеткаларына сокку урулат да «плюс - минус» деген сезимдер билинбей калып жанды жабыркатуу күч алат. Эгер «плюс» – бул клеткаларга келип, алардан азыктануучу витаминдер жана пайдалуу заттар болсо, «минус» - бул зыяндуулар, вирустар жана бактериялар. Дени сак клеткалар «минустарды» жакын жолотпойт. Качан адамзатта коркунуч пайда болгондо, ал «минустарды» кабыл ала баштайт. Вирустар  - жырткычтар сыяктуу.   Жырткычтар аң уулаганда артынан кубалап барып, эң алсызына жана оорулуусуна жетип, ошолорду жок кылышат, күчтүүлөр качып кутулушат. Вирус да жырткычтар сыяктуу күчсүз жана оорулууларга жабышат экен, бирок дене жактан эмес, психологиялык жактан алсыздарга. Бул жагынан элди төрт топко бөлсө болот:

Биринчиден, иммунитети  күчтүү жана коркунучту сезбеген адамдар, коронавирусту тоготуп да коюшпайт.

Экинчиден, иммунитети начар, бирок  коркунучту билбегендер, булар коронавирус менен оорушат да, бирок коркунучту көп билбей ден соолугу тез калыбына келет.

Үчүнчүдөн, иммунитети күчтүү, коркунучту тез сезген адамдардын иммунитети коркунучтан улам тез жоголуп, катуу ооруп айыгышат.

Төртүнчүдөн, иммунитети начар, коркунучту тез сезген адамдарды гана ажал тооруп турат.

Биз бардыгыбыз коронавируска чалдыгышыбыз мүмкүн, кадимки эле гриппке бир нече ирет кабылып, барыбыз тең грипп менен ооруп эле жүрөбүз. Бирок грипптин коронавирустан айырмасы ажал деген коркунуч жок. Коркунуч гана депрессия, стрессти жаратат, алар иммунитетти түшүрөт, ошол үчүн элди дүрбөткөндү токтотушубуз керек. Коронавирустан коркуунун кереги жок, анткени, ким бул оору менен ооруп айыкса, бул ооруга каршылык бере турган иммунитет күтөт.

Кандай эпидемия болсо да башы жана аягы болот. Дарылана турган дарысы табылбай мурунку замандарда мындан да жаман дарттар элди аралап, канчаларды жыгып, жок болуп кайрадан жаңы оорулар каптаган. Чечек, чуманын түрлөрү, тумоо, сибирь язвасы, куш тумоосу, чочко тумоо деген эпидемиялардан канчалаган адамдарды каптаган. Акыры жүрүп бул ооруларды жок кыла турган дары, вакциналар табылып, бул илдеттер «коркунучтуу» дегенден алыстап кетти. Бүгүнкү күндө алардын ордуна оорунун жаңы түрү "COVID" жармашты. Бул дартка каршы дарылар, вакциналар даярдалып жатат. Буюрса, бул оорунун да алдын-алып калабыз. Бирок, бул оорудан  кантип сактанышыбыз керек:

Биринчиден, дүрбөлөң менен коркунучту токтотуу керек. Вирустун өзүнө караганда, коркуу сезимдери иммунитетти жоготуп, адам бардык чүчкүрүүнү тез кабыл алып калат. Элибиз коркконунан сасык тумоологон күнү эле эң көп дары-дармек сатып алышып, көрүнгөн дарынын барын сайдыртып, "күндүзгү стационардан" ковидке каршы дары берет деген үмүттө барып атышат. Ковидке каршы бүгүнкү күнү дары жок. Вакцинанын эми чыгарып жатышат. Бул оору 85-90 пайыз эл үчүн жөнөкөй грипп сыяктуу эле өтүп кетет. Калгандары жанагы катуу ооруп, өпкөсүнө суу толуп, дем ала албай, кычкылтек аппараттарына муктаж болушат. Ошондуктан, минималдуу симптом болсо - эч кандай тест тапшырбастан, жок эле дегенде эки жума жалпы үй-бүлөө менен, алар ооруйбу, оорубайбы - үйдөн чыкпай, гриппке каршы пайдаланчу дарыларды ичип, уйкуну кандырып, эс алып, тердеп изоляцияда жатыш керек. Мындан тышкары, айтылган этапта ар кандай капельница куйдуруу, антибиотик сайдыруунун эч кандай кереги жок. 

Экинчиден, контакт кылууну чектеп, азыркы учурда эң негизги максат - жакындарыбызды сактап калуу жана илдетти токтотуу үчүн, өкмөттүн буйругун күтпөстөн, ар бирибиз үй-бүлөбүздүн, өзүбүздүн сактыгыбызды камсыз кылышыбыз керек. Эң негизги жол, бул - толугу менен үйдөн чыкпай, короону бекитип отуруу. Өзгөчө улгайган жаштагы жана өнөкөт оорулуу туугандарга тийиштүү. Аларды дагы өзүнчө бөлмөгө бөлүп, чогуу турган балдарыбызды да жолотпой, өзүбүз дагы алыстан сүйлөшүп, өзүнчө тамактанганыбыз дагы оң. Сырттан эч кимди киргизбей, киргизген күндө дагы короодон алыстан сүйлөшүп кетириш керек. Медик же, башка, сөзсүз жумушка чыкчу бир кызматкерибиз арабызда болсо - аларды колдон келишинче бул вирус токтогончо башка жерге бөлүү зарыл.

Үчүнчүдөн, көп кыймылдап, таза абада көбүрөөк болуш керек. Гигиенаны кармап, үйдүн жана дененин тазалыгын сактоо зарыл. Дайыма ырдоо –бул өпкөлөрдүн жакшы иштешине шарт түзүп, дайым тазалап турат.

Төртүнчүдөн, витаминдерге бай азык –түлүктөрдү көбүрөөк колдонуп жана таза сууну көп ичиш керек.  Тамакты ашыкча жебеш керек, коркунуч суктарга көбүрөөк илелешет. Иммунитетти  көтөрө турган азык –түлүктөрдү: май, сало, пияз, чеснок, жана башка жер –жемиштерди көбүрөөк колдонуңуз. 

Бешинчиден, жакындарды, тааныштарды, кошуналарды колдоп туруу аларга үмүт отун тутандырып иммунитетин көтөрүп турууга шарт түзөт.Той-топурду гана эмес, азыр жамандыкка да топтолбошубуз кажет. Эпидемиядан улам муруңкудай боз үй тигип, жүздөгөн киши чогулуп, жылкы союуну да токтотушубуз керек. Башка жактарда тууган-катышыбыз жерге көмүлүп атса - ал жакка барууга тыюу салышыбыз керек. Өлгөндөрдү ошол айылда турган жакын гана туугандары көмсүн.  Биздегидей куда-сөөк, классташ, тааныштын баары чогулуп, ошол чогулган жеринен жуктуруп, өлгөн жерден дагы бир канча өлүмгө себепкер болууга даярбызбы? Ар кандай салт-шарттарды бир жылга жылдырып, ашы менен кошо берели, шаардан айылга, айылдан шаарга жолго чыгууну, айылчылоону  азыр толугу менен токтотушубуз керек.

Алтынчыдан, дарыгерлерге, медайымдарга, волонтерлорго жана ушундай оор шарттарда жардамдарын берип жаткандарга жалпы элдик колдоо көрсөтүү керек. Жалпы элдин духун көтөрүп, аларга ден соолук жана үмүт каалаш керек! Күчтүү дух иммунитетти көтөрөт.

Коронавируска каршы иммунитетти кармап тургандар тууралуу маалыматтар билдирип жатат:

Биринчиден, туура тамактануу керек. Бул дарттарга жол бербеген тамак-аштарды кыргыздар көп колдонот. Бул дарттарга каршы менюбузда жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган белок болууга тийиш. Жаныбар белоктору этте, балыкта, жумурткада, сүттө, айранда, эжигейде, быштакта, каймакта ал эми өсүмдүк белоктору – буурчакта, төө буурчакта, буудайда (нан), сулуда бар. Иммундук системанын ишине уйдун боору да жакшы таасир этет. Ошондой эле карагаттын, бүлдүркөндүн, клубниканын, алманын да вареньелери бул дарттарга каршы иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.

Бул дарттарга каршы иммунитетти бекемдөөдө витаминдер жана микроэлементтер зарыл болуп эсептелинет. Аларды дарыканалардан сатып албай, табигый жол менен алган жакшы. Ансыз деле дарыканаларда дарылардын баасы кымбаттап,дарыкана кожоюндарынын капчыгын калыңдатып жатат. Мисалы, А витаминин сабизден, жүзүмдөн, көк чөптөрдөн алсак болот. Ал эми С витамини цитрус жемиштеринде, ит мурунда, клюквада, капустада көп. Е витаминин болсо күн карама, зайтун, жүгөрү майларынан ала алабыз. В тобунун витаминдеринин булагы болуп буурчак, дан өсүмдүктөрү, жумуртка, көк чөптөр жана жаңгактар эсептелинет. Микроэлементтерден болсо иммундук система үчүн организмге цинк менен селен керек. Цинк балыкта, этте, боордо, жаңгактарда, төө буурчакта жана буурчакта болсо, селенди кайра эле балыктан, деңиз жандыктарынан жана сарымсактан ала алабыз.

Тамеки менен спирт ичимдиктери иммунитетти жөн гана түшүрбөй, өлтүрөт. Андыктан тамеки тартууну таштап, анын түтүнүнөн алыс болуу керек. Бирок спирт ичимдиктерине келгенде бир аз башкача. Спирттер менен бул дарттардын алдын –алып сүртүнүп туруу керек. Кымыз бул дарттарга каршы иммунитет үчүн пайдалуу.

Экинчиден, физикалык кыймылдуулук, албетте, учурда бул дарттардан алыс болунун аракетин көрүп жаткандар көбөйүп баратат. Көчөлөрдө, сейил бактарында спорт менен машыккандар, чет мамлекеттердин жолуна түшүп кош таяк менен баскадар  көбөйдү. Акыркы мезгилдеги бул дарттардан сактануудан улам жөө баскандар көбөйүп, физикалык кыймылдуулуктар күчөп баратат.

Үчүнчүдөн, пандемиянын өрттөй катуу күйүп, башкалаабызда миңдеген адамдардын ооруга чалдыгып калганынын себеби тесттерге ишенип туруп алгандыгыбызда. Мына кээ бирөө: "Кудайга шүгүр, меники таза чыкты, "COVID" эмес экен, грипп болуп эле аткан турбайымбы" деп соцтармактарга жазышып, "таза чыктык" деп башкаларга жугузуп жүрүшөт. Арабызда "меники грипп эле" дегендер бар. Азыркы учурда тесттен өтүүнүн мааниси да, пайдасы да жок.

Төртүнчүдөн, толук кандуу уйку керек экен. Торгойдой болуп таң ата элек жатып тура калгандар дагы бир –аз уктап, уйкусунун нормасын көбөйтүш керек экен. Бул да кирип келген дарттардан сактануунун жолдору.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости