www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойддун аялы Рокси Вашингтон күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин билдирүү жасаганын, чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Жорж экөөнүн ортосунда 6 жаштагы Жианна аттуу кызы бар жана атасы кызын аябай жакшы көрчү. "Ал кызынын кандай чоңойгонун, мектепти бүтүргөнүн эч качан көрбөйт. Кызыма атасы керек. Тилекке каршы атасы эми жок. Мен адилеттүүлүктү каалайм. Ким кандай ойдо болбосун, Жорж абдан жакшы адам эле. Жолдошумду өлүмүнө себеп болгон 4 полиция кызматкери жазаланышы зарыл", - деди маркумдун аялы Вашингтон.

Эске салсак, 25-майда теги африкалык болгон Жорж Флойддун полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөндөн кийин АКШда нааразычылык акциясы күч алууда. Башаламандыктан улам 20дан ашуун адам каза болуп, 5 миңге чукул киши кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости