www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзбек тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүсү тууралуу айтышы керектигин айтты.

"31-майда Кадамжай районунда болуп өткөн чек ара талаш маселеси тууралуу айтып кетейин. 1-июнь күнү гана биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрдү. Андан кийин Боронов эл менен жолугушкан. Экинчи тарап Сох районунун жашоочулары менен жолугуп жатканда "Былтыр 30-августта Сох-Риштан жолунун коридорун ачтык эле эки күн иштебей жаап салышты. Ошон үчүн кыргыз өкмөтүнөн келген өкүл өзбек элинен кечирим сурады" деп айтып жатат. Биз эмнеге кечирим сураш керекпиз? Өзүбүздүн чек араны ачып, жапканга кечирим сураганга милдеттүү эмеспиз да. Арипов кыргыз тарап Өзбек-Кыргыз чек арасында Сох-Риштам жолун тез аранын ичинде ачып бергенге сөз берди деп жатат. Ушул сөздөрдү Бороновдун өзүнөн ачык-айкын өзүнөн уксак. Ал туура эмес маалыматтарды жокко чыгаруу үчүн кандай сөздөр болгонун айтып бериши керек", - деди Шарапов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости