www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Орусия башында турган бир топ уюмдарга мүчө, бирок «Сактыкта кордук жок» деген Эмомали Рахмон ЕврАзЭКке мүчө болуудан ушул кезге чейин баш тартып келатат. Ошондуктан, күйүүчү заттарга болгон жеңилдиктер жок. Биздин алкымы бузуктар буларга контрабандалык жол менен бензин сатышат. Жерге көмүлгөн, Кыргызстандан тажик тарапты көздөй кеткен түтүктү Лейлектин Интернационал айылынан табышкан. ЕврАзЭКке мүчө болуп Кыргызстан деле кыйратып жиберген жок. Мурун «Дордой» ассоциациясы аркылуу Кытай менен Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерге ортомчу болуп келсе, бул шансты Бажы Биримдигине кирген соң Казакстандын жаңы курулуп жаткан Нуротан шаарындагы «Хоргос» базары ээлеп калды.

ЕврАзЭКке мүчө мамлекеттерге бир топ жеңилдиктер каралган. Алсак, биздин азык-түлүктөрдү кымбат баада алышат, ал эми Тажикстандыкуына «түкүрүп да коюшпайт».Биздинайыл чарба министрлигинде иштегендердин кемпайдыгынан улам,тажиктер кулкунуна акча куя коюшуп, Тажикстандын азык-түлүктөрүн Кыргызстандыкы деп Орусияга, Казакстанга өткөрүп жүрүшкөн. Бул окуянын да бети ачылган.

Роза гүлү ажайып кооз жана кармайын десең тикенектүү. ЕврАзЭК да бир жагынан шилекей агызып турат, бир жагынан тикенектүү. ХVIII кылымда эле чүйлүк Атаке баатыр Санкт-Петербургга Екатерина II ге дипломатиялык элчи жиберген. Чүйлүк Байтик баатыр Кокон ханынын Бишкектеги чебин чаап, Орусияга кайрылат. 1863 –жылы Кыргызстан Орусиянын курамына кошулат. Чүйлүк Шабдан Алай ханышасы Курманжан датка менен жолугуп, түштүк эли каны жок Орусияга кошулат. Кыргыз атчандары 1812-жылы эле Напалеондон орустар жеңилип баратканда жардамга келген. Ал эми 1941-жылы өжөрлөнүп Гитлердин бир танкына бирден кыргыз чыккан. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Орусия менен экономикалык жактан тыгыз байланышта. Биздин мыкты уул-кыздарыбыз Орусия мамлекетинде иштешип, миллиардаган сом киреше түшүп турат. Биз кийин ачылган Кытайдын көпчүлүгү антисанитардык товарына караганда, Орусия, Казакстандын товарларын көп пайдаланабыз. Глобалдаштыруу заманында биз тандоо деген оор кыйынчылыкка туш келдик. Биз океандан алыс, оор географиялык аймакта жашап жатып, «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна» -дегендей, эгерде биз «баурдасыбыз» Казакстан менен улуу Орусияны тандабасак, карышкырлар арасындагы козуга айланабыз. Мамлекет түзүүнү эңсеген Ормонхан айлана-тегерегине көз чаптырып, Орусия менен бир болууну ойлогон. Бүгүн да Кыргызстанга көз арткандар көп.

Артыкчылыгы: Бир учурда СССРди эт, жүн, тери менен багып жатабыз, СССР тараса жыргайбыз дечүбүз. СССР тарады, биз көрсө чийки зат саткан мамлекет экенбиз. Баягы койлорубуз жоголуп шүмүрөйдүк. Азыр Кыргызстандын экономикасына Орусия чоң салым кошуп жатат. Угушубузча Орусиянын жаштары, күч органдары Бажы Союзга кирбеген мамлекеттердин жаранына, ачык эле кысым жасай баштады. Миллиондогон кыргызстандыктар Бажы Союзунда жашап жатышат. Биз Бажы Союзга кирип, алар көп жеңилдиктерди алышты. Алар «бычактын мизинде» жашашса да, биздин мамлекетте жашаган үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыз кылып жатат. Ооба, «Хоргос» баш көтөрүп, келген товарлар сээлдеп, «Дордойдо» токсон миң жарандын жана «Кара-Суу» базарында Кытайдан келген товарлар сээлдеп калды. Бирок, ошол Кытайдын «чүпүрөктөрүн» сатып ала турган Орусия, Казакстан чек арасын бекитип салышса деле кыйынчылык түзүлмөк.

Кемчилиги: Кыргызстан өзү айыл чарбалуу өлкө. Бажы Союзга кошулуп экологиялык жактан таза кыргыз айыл чарба продуктыларынын наркы бир аз көтөрүлдү.Ушул жерден бийлик катуу киришпесе, айыл чарба продуктыларын өндүргөндөр запкы жеп калышат. Дыйкандар өз продуктыларын өндүрөт, сатып ошону менен күн көрөт. Бирок ал кимге сатат? Ортомчуга, ортомчу баасын көбөйтүп, дагы бир ортомчу алып сатарга сатат. Эмнеге наркы көбөйөт? Ал ортомчу машинанын ээсине, майына жана башка чыгымдарга төлөйт, бул мыйзам ченемдүү. Мына ушул жерде алардын мойнуна кылмышкерлер, ар кайсы байлар минип алышат, аларга салык төлөш үчүн, продуктыны кымбат сатышат. Запкы жегендер баягы эле карапайым эл. Алар базардан кымбат продуктыларды алышат, ал эми өндүргөндөр деле жыргап кеткен жок. Алар өздөрүнө майда, өтпөй калган продуктыларды алып калышат, башка товарларды базардан алганы барышса кымбат. Ошондуктан, айрыкча күз маалында мамлекет дыйкандардан татыктуу сатып ала турган жайларды уюштуруп, жармаңке сыяктуу дыйкан түз аларманга сата турган жайларды түзүшү керек. Болбосо, Бажы Союзга кирип нарк көтөрүлгөнү менен көпчүлүккө эмне пайда? Бары бир базар баасы көтөрүлүп, ортодо ортомчулар гана байып жатышпайбы.

Маалыматка ылайык, контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында чек арачылар Лейлектин Интернационал айылында жерге көмүлүп ЕврАзЭКте эмес тажик тарапка кеткен шлангды табышкан. Ал жерди текшергенде күйүүчү майдын жана жүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери аныкталган. Тийиштүү иш-чаралардан кийин күйүүчү майды сордурууга коюлган түтүк жок кылынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости