www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Лейлек" кичи ГЭСинин курулушуна 5 миллион 600 миң доллар жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу фондун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 мегаватты түзүп, жылына 26,3 миллион киловатт-саат электр жарыгын өндүрөт. Баткен облусун 3,5% электр менен камсыздай алат. Чакан ГЭСтин курулушу 2023-жылы март айында бүтөрү пландалып жатат. Долбоордун курулушун “Кыргыз Каганат” ишканасы ишке ашырууда.
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Бийлик энергетика тармагындагы кризисти жоюу үчүн чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик берилгенин айткан.
Орус-Кыргыз фонду эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Фонддун кеңеши беш, башкармалыгы беш мүчөдөн турат.
Булак: NazarNews.kg