www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кайрадан кызматтык милдеттерин аткарууга киришти, деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Эртең менен алар менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жолугуп, жумушчулардын бардык суроолорун укту.
Эске салсак, кечээ ишкананын кээ бир кызматкерлери мурдагы жетекчисин кайра дайындоо талабын коюп митингге чыккан. Алар улам башчылар алмашып, анын айынан айлык акы кечиктирилип, техниканын тетиктерине акча бөлүнбөй жатканына нааразы болгон. Буга чейин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев "Тазалыкчылардан" тезирээк жумушка чыгууну суранган болчу.
Мэрия өз кезегинде "Тазалык" ишканасынын 2019-2020-жылдагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталганын, мамлекетке 139,6 миллион сомдук зыян келтирилгенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg