www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливияда селден каза болгондордун саны 5200гө жетти. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен билдирет.
Жергиликтүү Кызыл Кресттин ыктыярчылары 10 000 адам дайынсыз жоголгондугун билдиришти. Телеканалдын маалыматына караганда, сел жээктеги Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн талкалап, ал жерде катуу жаандан улам эки дамба жарылган.
Эскерте кетсек, Ливиянын маалымат каражаттары кабарлашкандай, "Дэниел" циклону себеп болгон нөшөрлөгөн жамгыр жекшемби күнү өлкөнүн чыгышындагы Эль-Байда жана Дерна сыяктуу бир катар шаарларда жана айылдарда сел жана суу ташкындарына алып келген. Мындан улам аймакта аэропорттор менен деңиз порттору жабылган.
Булак: NazarNews.kg