www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин Илон Маскка мүнөздөмө берди

Россиянын президенти Владимир Путин америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маскты көрүнүктүү адам жана таланттуу бизнесмен деп атады.

РИА Новости америкалык бул ишкердин космос тармагында өзүнүн долбоорлорун, иштерин жүргүзүп келе жатканын кошумчалады.

"Илон Масктын жеке бизнесине келсек. Ал чындыгында көрүнүктүү адам. Моюнга алыш керек. Муну дүйнөнүн баары эле таанып, бааласа керек. Активдүү, таланттуу бизнесмен. Көп нерсе колунан келет жана жасап жатат, анын ичинде Америка мамлекетинин колдоосу менен да иштөөдө", — деген Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып.

VIII Чыгыш экономикалык форум бул күндөрү Владивостоктогу Федералдык университеттин кампусунда өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости