www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Ангара" комлексинин ракеталык кураштырма цехи жана "Союз-2" ишке киргизүү комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышышты.

Владимир Путин менен Ким Чен Ынды вице-премьер-министр - Россия президентинин Ыраакы Чыгыш федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Юрий Трутнев, Роскосмостун жетекчиси Юрий Борисов жана Жер үстүндөгү космостук инфраструктураны эксплуатациялоо борборунун башкы директору Николай Нестечук коштоп жүрүштү. 

Владимир Путин космодром менен таанышуу алдында Ростов-на-Дону шаарындагы No1 классикалык лицейдин 9-классынын окуучусу Мария Андреева менен баарлашты. Мектеп окуучусу 1-сентябрда президент өткөргөн “Маанилүү нерселер жөнүндө” ачык сабагынын катышуучуларынын бири болгон. Андан кийин Мария мамлекет башчысына спутник курууга болгон кызыгуусу тууралуу айтып, Роскосмостун ишканаларында мектеп окуучулары үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгууну сунуштаган.

Чыгыш космодромунда Владимир Путин Марияга ракетаны учурууну башкаруу ачкычын тапшырып, аны 15-сентябрда Байконурда боло турган Союз МС-24 космодромунун учуруусуна катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, аталган комплекстин курулуш-монтаждоо иштери 2019-жылы 31-майда башталган. Учурда анын курулушу аяктоо алдында турат. Комплекс 109 гектар аянтты ээлейт жана 200дөн ашык имараттарды жана курулуштарды куруу пландалган. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости