www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-апрелде саат 16:37де өлкөнүн аймагында очогундагы күчү 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды, деп билдирди Сейсмология институту.
Анын күчү Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылдарында жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагында 3 баллга сезилген. Жер титирөөнүн очогу Семиз-Бел айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта, Орто-Токой суу сактагычынан 12 чакырым түштүк-батышта, Кочкор айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта, Балыкчы шаарынан 30 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Саат 16:32де очогундагы күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.
Анын күчү Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2.5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Баткен шаарынан 50 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.