www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Борбор Азия - Кытай” Саммитине катышуу үчүн Астанага келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, “Борбор Азия - Кытай” Экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.
Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Эске сала кетсек, саммиттин ишине Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын катышуусу пландалууда.
Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ошондой эле КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт.