www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу "NazarNews" маалымат агенттигине Кытайдын CCTV (CCTV+) агенттиги билдирди.

2025-жылдын 16-июнь күнү, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Астанадагы Ак-Ордо президенттик резиденциясында жолугушуу өткөрдү. 

Ал күнү Си Цзиньпин Казакстандын борбор шаарына "Кытай – Борбор Азия" экинчи саммитине катышуу үчүн келген.

Си Цзиньпин Кытай Казакстан менен бирге аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылууга, эки тараптуу мамилелердин туруктуулугу жана позитивдүү энергиясы аркылуу салым кошууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал Кытай менен Казакстан бири-бирине негизги кызыкчылыктар жана кооптонуулар боюнча дайыма колдоо көрсөтүшү керек экенин, өнүгүү стратегияларын шайкеш келтирүүгө көмөктөшүү зарылдыгын айтты.

Си Цзиньпин эки өлкө укук коргоо жана коргонуу тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды. Ошондой эле ал транспорттук байланыштарды чыңдоону, жогорку технологиялар жаатындагы кызматташууну кеңейтүүнү, "жашыл" жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүнү сунуштады.

Учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан башаламан өзгөрүүлөрдүн шартында эки өлкө БУУнун негизиндеги эл аралык тутумду жана эл аралык укукка таянган дүйнөлүк тартипти бекем колдошу керек экенин баса белгиледи.

Кытай лидери ошондой эле чыныгы көп тараптуу кызматташууну практикалоого жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын коргоого чакырды.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайды достук мамиледеги коңшу, жакын дос жана ишенимдүү өнөктөш катары мүнөздөдү. Ал Казакстан Кытай менен стратегиялык ишенимди тереңдетүүгө жана бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери кызматташуу боюнча кол коюлган документтерди алмашуу аземине катышышты.

Последние новости