www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак, Сынташ, Юрьевка жана башка толгон токой айылдарына, эң негизгиси миңдеген турист каттоочу дүйнөгө таанымал дарылык касиети бар «Ысык-Ата» курортуна Кой-Таш, Арашан тараптан кетчү альтернативалык жолу жол жүрүүчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратып келет.
Кеп курорттун кире беришиндеги, Карагай-Булак айылында жайгашкан серпантин тууралуу болмокчу. Ондогон адам өмүрүн алган бул жол кышкысын тайгак, жайкысын жол бетин майда таш басып турса, ал эми жаанчыл келген мезгилдерде сел байма-бай жүрүп турат.
Акыркы күндөрү эле болгон жол кырсыгында эки адам ордунан жан берсе, бирөөсү ооруканадан өмүрү менен кош айтышкан. Бул аздык кылбаса керек.
Кадимки жолдун кандуу жолго айланышынын себеби, жолдо атайы жол белгилеринин жоктугу, кылдын учу, башкача айтканда 50-60 метр бийиктикте жайгашкан жолдун четин бойлой атайын бетон тосмолору орнотулган эмес.
Жергиликтүү калк, акимчилик, айыл өкмөткө кайрылганы менен майнап чыкпай келет. Эс алуучулар, туристтер эмес, жолду жакшы билген айдоочуга дагы кооптуу болуп эсептелет. Ошентсе да, жакшылыктан үмүтүн үзбөгөн эл тийиштүү мамлекеттик органдардан мына ушул жолдогу серпантинге жол белгилерин жана бетон жол тосмолорун орнотуп берүүнү өтүнөт.