www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Америка лидери Дональд Трамп менен сүйлөштү. Бул тууралуу маалыматты ТАСС жазып чыкты.
Эки мамлекет башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Президент Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп жакынкы эле убакыта телефон аркылуу сүйлөштү. Бул абдан узак телефон сүйлөшүүсү болду, сүйлөшүү бир жарым саатка созулду" - деди Песков.
Эске сала кетсек, Трамп акыркы жумаларда орус президенти менен сүйлөшүү планын бир нече жолу билдирген. Америка лидери Украинадагы жаңжалга чоң көңүл буруп, аны токтотууга көмөктөшүү каалоосун бир нече жолу айтып келген.