www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн Баш мыйзамы канча жолу өзгөргөн?

Бүгүн, 5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленүүдө. Өлкөнүн негизги мыйзамына 29 жылдан бери бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Ар бир жолу өлкөнүн президенти өзүнүн ыйгарым укуктарын жана бийликтеги тактикалык максаттарын жогорулатуу максатында Конституцияны өзгөртүп турган.

Өлкөнүн Конституциясы канча жолу, кантип жана ким тарабынан өзгөртүлгөн? 1993-жыл Эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясына 5-майда кол коюлган. Ал өлкөнүн Жогорку Кеңешинин [«легендарлуу парламент»] сессиясында кабыл алынган.

Анда Конституциянын долбоору 2 жылдай талкууланып, Конституциянын «биринчи атасы» президент Аскар Акаевдин кеңешчиси Леонид Левитин болгон.

1994-жыл

Кыргызстанда биринчи референдум өтүп, андан кийин эки палаталуу Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлигин ишке ашыра баштаган.

1996-жыл

Референдум президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп, иш жүзүндө парламент мамлекет башчынын чечимдерине таасир эте албай калган.

1998-жыл

Дагы бир референдум өтүп, анын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары кол тийбестик укугунан ажыратылган.

2003-жыл

Төртүнчү референдум өткөн. Түзөтүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү жана парламенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу жаатында болгон. *Конституцияга өзгөртүүлөр Аскар Акаевдин тушунда киргизилген.

2006-жыл

Ноябрь «Ала-Тоо» аянтында оппозициянын массалык митингдеринен кийин президент айрым ыйгарым укуктарынан баш тарткан. Декабрь Парламент ноябрда президенттин ыйгарым укуктарына киргизилген чектөөлөрдүн бир бөлүгүн алып салды.

Жокко чыгаруу үчүн акыркы добушту депутат Аскар Салымбеков берип, аны Ахматбек Келдибеков колунан кармап жыйын залына алып кирген.

2007-жыл

Медет Садыркуловдун жетекчилиги менен Кыргызстандын саясатында өзгөрүү болгон. Жаңы Конституциянын негизинде депутаттардын саны мурун 75 болсо, 90 болуп көбөйтүлдү.

Ал эми президентке өкмөттү, мамлекеттик кызматкерлерди, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн, сотторду, прокурорлорду, Улуттук банктын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын дайындоо укугу берилген. Бул учурда Курманбек Бакиев президент болчу.

2010-жыл 

Апрель революциясынан кийин президенттик башкаруу формасы парламенттик болуп өзгөртүлгөн. Жаңы Конституция Өмүрбек Текебаевдин жетекчилигинде кабыл алынган болчу.

Анда президент 6 жылга шайланып, кайрадан шайлоого катышууга укугу жок экени айтылат. Ал эми Жогорку Кеңеште 90 эмес, 120 депутат болуп калды. Өлкө башчысы Жогорку Кеңешти таратуу укугунан ажыратылган.

Премьер-министрди дайындоо жана өкмөттүн курамын түзүү укугун парламент алган.

2016-жыл

Премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлдү. Бул учурда Алмазбек Атамбаев президент болчу.

2021-жыл

Жаңы Конституция 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин — 2021-жылдын апрелиндеги референдумда кабыл алынды. Ага президент Садыр Жапаров 2021- жылдын 5-майында кол койгон.

Муну менен Кыргызстанда жаңы башкаруу формасы — президенттик болуп өзгөрдү. Конституциялык кеңештин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов болгон. Бул ирет 120 депутат 90 болуп кыскарды. Кыргыз Республикасынын Конституциясы 29 жыл ичинде 10 ирет өзгөрдү. Орточо ар бир 2,9 жылда өзгөрүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости