www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык Джек Уиттакер Powerball деген аталыштагы лотереяда ойноп 314 миллион доллар утуп алган. Бактылуу билетти ал май куюуучу жайдын кафесинен сатып алган. Бирок, тилекке каршы, баары ойдогудай болбой калган.  Оңой жол менен келген акчалар Джектин тагдырын гана талкалабастан, ага билетти саткан кыздын тагдыры да талкаланган. «Вашингтон пост» жарыялаган бул макала учурда абдан көп окулган маалыматтардын арасында орун алат. Муну окуган соң, акча баарын чечпейт жана акчада бакыт эмес экендигине ынанасың.

39 жаштагы Бренданын жашоосунда кызык деле эч нерсе жок болчу. Унаасы, үйү да жок эле. 

2002-жылы майрам алдында Джек бутерброд менен кошо лотереялык билет сатып алган. ал эми кечинде сыналгыдан утуштун номерин көрсөтүшкөн. Джекпоттун 4 номери дал келгенин жубайы ага айткан. Джек болсо, билет саткан айымга үй жана машина сатып берген. Бирок, бир аздан кийин Бренда үйдү сатканга мажбур болгон. анткени кошунасы Бренданы жаман сөздөр менен жалаа жаап, ага каршы баракчаларды тарата баштаган. Баракчаларда Брендага ойношу үй сатып берген деп жазылган.

Лотереялык билеттин акчасын майып балдарга коротом деген Джек дагы жаман атка конуп, акырында ал стриптиз клубдарга барган. ошол стриптиз-клуб Джектин айынан жабылып, андагы иштеген 40 адам жумушсуз калган. Джектин 16 жаштагы небереси дагы наркотиктерге берилип, достору менен сүйлөшпөй калган. Себеби, Джекти тонойбуз деген анын 3 досун укук коргоочулар 2 жылга камакка алышкан. Андан кийин Джектин 100 миң доллар турган унаасын кимдир бирөөлөр үйүнүн алдынан токтоп турган жеринен айдап кетишкен. Ал эми Брендинин сөөгү участоктордун биринде табылган. Ал наркотиктен каза болгондугун экспертиза аныктап чыкты.

Баарынан кызыгы Джек жашоосунда Powerball лотереясын ойногондугу чоң жаңылыштык болгондугун айтат. "Баардык менин проблемаларым неберелерим наркотик чеккендиги, ушул утуштун айынан. Мен аларды таап, турмөгө отургузам" -деген ал Associated Press басылмасына берген интервьюсунда.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости