www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Россияга иш сапары менен келгенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн беларус маалымат каражаттары Лукашенко Россияга иш сапары менен учуп кеткенин жазып чыгышкан. Жолугушуунун борбордук бөлүгүн Россиянын президенти Владимир Путин менен 15-сентябрда боло турган сүйлөшүүлөр түзөт.

Эки лидер аймактык көйгөйлөрдү жана эл аралык күн тартибин, ошондой эле экономикадагы, өзгөчө импортту алмаштыруу жаатындагы биргелешкен милдеттерди талкуулашат.

Белгилей кетсек, Кремль бул сапарды расмий жарыялай элек.

Акыркы жолу Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү 30-августта тактап айтканда, орус президенти Беларусь өлкөсүнүн лидеринин туулган күнү менен куттуктап байланышканда болгон. Өлкө башчылары 23-июлда Петербургдагы сарайлардын биринен жолугушуп, эртеси Валаам аралына барышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости