www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш министрлигине 626,7 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 1-сентябрына карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 626,7 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга аталган министрликке 1 миллиард 134,8 миллион сом каражат каралган.

Анын ичинен:

- бюджеттик каражаттар 667,2 миллион  сом;
- атайын каражаттар 467,6 миллион сом.

2023-жылга каралган каражаттардын ичинен 27,8 млн сом өлчөмүндө каражат Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде геологиялык иштерди жүргүзүүгө (мамлекеттик заказ) каралган.

Анын ичинде:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 23,4 миллион сом;
- атайын эсептин каражаттарынан 4,4 миллион сом.

Ошондой эле атайын эсептеги 62,1 миллион сом акча каражаты мыйзамдаштырылган. Калган чыгашалар кызматкерлердин айлык акысына, командировкаларга, байланыш кызматтарына, транспорттук чыгымдарга, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга, коммуналдык төлөмдөргө жана башкаларга берилет.

2023-жылдын 1-сентябрына карата 626,7 миллион сом каржыланды.

Анын ичинен:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 462,3 миллион сом;
- атайын эсептерден 164,4 миллион.

Последние новости