www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-сентябрда Москванын кассациялык соту 5 жашар  Хувайдо Тиллозоданы зордуктоо жана өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылган Александр Семинге карата өкүмгө каршы кассациялык даттануунун жүйөлөрүн ынанымдуу деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Буга чейин ал 24 жылга эркинен ажыратылган, бирок жабырлануучунун жакындарынын талабынан кийин өкүм жокко чыгарылып, оор жазага өзгөртүлгөн.

Сот Семин психиатриялык диспансерде жатканына байланыштуу улам кечеңдеп, бирок кийинчерээк сотко катышууга мүмкүндүгү бар деп табылган.

Беш жаштагы Хувайдо 2018-жылы 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгинде спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталып, андан кийин бычакталып өлтүрүлгөнүн аныктаган. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургун, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган.

Бул окуядан кийин Тажикстан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, ишти адилеттүү тергөөгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости