www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхчы, Кыргызстандын эл аралык университети алдындагы Этнология институтунун директору Табылды Акеров: XVII кылымдагы «Бадайи ат-таварих» аттуу тарыхый булакта – «кыргыздарды аз деп да аташат» деп жазылган. Чындап эле, Енисейдеги Кыргыз каганатынын каганы атактуу Барсбек аз уруусунан чыккан, ошондуктан, аздар – кыргыз, же кыргыздардын ичиндеги төбөл уруусу болгон деп айтсак туура.

Алтын ордонун оң канатын – аз-шириндер (аздар, азыктар), сол канатты болсо – маңгыттар башкарган, алардын аскербашы – Ногой болгон, ал – кадимки эле Манастын чоң аталары. Кийин алар баары ногой деп аталып кеткен. Ошондуктан Алтын ордонун өзүн Кыргыз каганаты деп да атаса болот. Барсбек кагандын тукумдарына кыргыздын азык, адигине, тагай жана баардык багыш уруулары кирет. Бул тизмеге тейит, саруу, нойгут жана башкаларды да киргизсе болот.

Последние новости