www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалпы беларусиялык элдик жыйынды (ВНС) апрель айында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Беларусиянын президенти, ВНС төрагасы Александр Лукашенко бул структуранын президиумунда билдирди.
"Бул жыл биздин өлкөдө коомдук-саясий жактан өтө активдүү башталды. Шайлоо өнөктүгүнөн кийин апрель айына жалпыбеларусиялык элдик жыйынды өткөрүү белгиленди. Бүгүнкү президиум бул маанилүү мамлекеттик иш-чарага даярдыктын башаты болот", - деди мамлекет башчысы БелТА агенттигинин маалыматына ылайык.
Лукашенко ВНС жаңы конституциялык макамында экинчи жолу өтүп жатканын, жалпы жонунан жети жолу өткөрүлгөнүн эске салды. Анын айтымында, конституция ВНСке Беларусиянын эгемендүүлүгүн ар тараптан коргоо боюнча стратегиялык роль жүктөйт.
"Бул элдик бийликтин маанилүү органдын кеңири ыйгарым укуктары кабыл алган чечимдер аркылуу ачык-айкын көрүнөт – беш жылдык социалдык-экономикалык өнүгүү пландары, улуттук коопсуздук концепциясы жана аскердик доктрина", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Анын айтымында, ВНС өзүнүн орунун ээлеп, башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кийлигишпеши керек. "Эгер биз натыйжалуу мамлекетти кааласак, башкаруу процессин оптималдаштыруудан, бюрократияны жок кылуудан жана аткаруучулук тартипти бекемдөөдөн башташыбыз керек. Акырында мунун бардыгы элдин ишенимине жараша болот", - деди Лукашенко.