www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трамп Путиндин Европага байланыштуу айткан цитаталары бар макаланы бөлүштү
АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШ президенти Европанын саясий элиталары менен тез эле тартип орнотот деген пикирин камтыган макаланын шилтемесин бөлүштү.
Сөз CNBC телеканалынын 3-февралдагы "Путин: "Европа кожоюнунун бут алдына жыгылат", ал эми Трамптын тарифтери союздаштарды түйшөлттү" деген макаласы тууралуу болууда.
Макалада Путиндин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасынын алып баруучусу Павел Зарубинге берген маегинен алынган цитаталар келтирилген. Президент Путин Европанын элиталары мурунку АКШ президенти Жо Байдендин убагында Вашингтондун ар бир буйругун канааттануу менен аткарганын белгилеген. Ал Байден европалык лидерлерге көбүрөөк жагарын, анткени Трамптын жакшы жана жаман деген түшүнүктөрү башкача болгонун кошумчалаган. Ошондуктан Европанын саясий элиталары Трамптын шайлоодогу жеңишине каршы күрөшүп, анын президент болушуна тоскоолдук кылууга аракет кылган. Бирок шайлоодо жеңишке жеткенден кийин алар эмне кыларын билбей калганын белгилеген.
1-февралда Трамп Европа Биримдигинен келген товарларга импорттук тарифтер киргизерин билдирген, себеби Брюссель Вашингтонго "жаман мамиле" жасап жатат деп эсептеген. 2-февралда Еврокомиссиянын өкүлү РИА Новостиге билдиргендей, Евробиримдик АКШнын европалык товарларга кошумча тарифтерди киргизгендиги боюнча маалыматка ээ эмес, бирок андай чара көрүлсө, тиешелүү жооп кайтарууга даяр экенин айткан.