www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Темир Аргембаевич, жаздын келиши менен саясат кызыды. Алдыда митинг-пикеттер боло тургандыгы күтүлүп жатат. Жаздан кандай чыгыбыз, чоң революциялар болуп кетпейби? 

- Жаз, күз мезгилдери негизинен көп учурларда саясий чыңалууларга алып келет. Бирок, бул жолу “кандайдыр бир төңкөрүш болуп кетет”, “күчтүү чоң топ чыгат” деген божомолдор жок. Ага себеп да жок. “Топтор уюшулуп, 2005-2010-жылдардагыдай бийликти күч менен алмаштыруу аракеттерин көрөт деген нерсе болбойт. Албетте, нааразылыктар болот. Ал мыйзам-ченемдүү көрүнүш. Анткени, биз ачык мамлекетте жашап жатабыз. Биздин жарандар саясий активдүү, бир нерсе жакпай калса бийликтин бетине айтат. Ал нааразылыктардын бир тарабы мыйзамдуулукту талап кылган топтор. Абакта жаткандар: анын ичинде Текебаев, Жапаровдун жактоочулары нааразылык акцияларга чыгышат, алардын сот иштеринде “акыйкат чечим чыгаргыла” деп бийликке, сот органдарына талап коюшат. 

- 23-апрелде “атамекенчилер” чоң митинг өткөрүүгө камынып жатышат. Муну бир топ белдүү саясатчылар да колдошууда. Сиздин позицияңыз кандай?

- “Ата Мекен” партиясынын билдирүүсүн мен ушундай кабыл алдым. Алар 23-апрелде жер-жерлерден тарапташтары чогулуп, “акыйкат, таза сот чечими менен лидерибизди актап бергиле” деп чыкканы жатышат. Эгер, мүмкүнчүлүк болуп, сот карап чыкса, алардын мөөнөттөрү кыскарыш керек. Эгерде, Текебаев эркиндикке чыкса, ал сөзсүз түрдө сотту жаңы жагдайдардын негизинде каратып чыкканга бүт күчүн жумшайт. Анткени, ал ушунча жылдан бери саясатта келатат. Анын аты таза калыш керек. Ушуга аракеттенет. Ал кишини баарыбыз билебиз, мамлекетчил көз карашта жүргөн адам. Садыр Жапаров боюнча да ушундай нааразылык митингдери өтүшү мүмкун.

Ал эми “атамекенчилердин” митинги боюнча менин позициям, мен алардын талаптарын колдойм, туура кадам катары баалайм. Анын үстүнө алар айтып жатышат, “биз сот иштерине кийлигишпейбиз, сот акыйкат карап берсин” деп. Бул жагынан биз да колдоп турабыз. Текебаевдин 60 жылдыгына бардым. Ооруканага барып, сүйлөшүп кеткем. Биз көп учурларда бирге болгонбуз. 2007-жылы шайлоого да чогуу барганбыз. Текебаев мыйзамсыз камалганын дайыма айтып келем.  

- Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келиши күтүлүп жатат. Анын келиши менен Кыргызстанда эмне өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

- Путиндин сапары мамлекеттик сапар. Буга бир нече айлап чоң даярдык жүрдү. Тышкы иштер министрлери келди, Өкмөт аралык кеңешмелер өттү. 30га жакын документтер даярдалып жатат. Ошонун ичинде тикелей инвестицияларды тартуу боюнча да келишимдер болот. Менин мындан кабарым бар. Бул сапардын алкагында 5 ири конференциялар болот. Президенттер кол койгон документтерде албетте кыргыз тарапка жардам иретинде маселелер камтылат. Июнда бизде ШККУ жыйыны өтөт. 12ге жакын президентер келет. Путиндин сапарында ошого да даярдык көрүлүп, көмөк болот. 

- Саясий өзгөрүүлөр болобу?

- Саясий өзгөрүүлөр болбойт. Алар биздин ички саясатка кийлигишпейт. Путиндин келип, кол коюп, экономикалык жардам бергенинин өзү биздеги саясий туруктуулукту камсыз кылып бергени. Мигранттар боюнча, ЕАЭБ алкагындагы маселелерди биз тарап Путиндин ушул сапарында айтып, талап кылып алса, жакшы болот. Анткени, айрыкча ушул эки маселе саясий туруктуулукка алып келет. 

- “Путин келип кеткенден кийин Атамбаев камалат экен” деген кеп-сөздөр чыгып жатат. Бул анын оппозицияга өткөнүн расмий билдиришинен уламбы, канчалык реалдуу деп ойлойсуз? 

- Партия экиге бөлүндү. Мен башында эле айткам, “Атамбаевсиз КСДП” тарабы балким көпчүлүктү алып кетиши мүмкүн. Анткени, бул тарапка көмөк көрсөтүү катуурак болуп жатат. Атамбаев азчылык менен калып калууда. “Туруктуу партия мүчөлөрү менен калам, съез өткөрөм” деп өзү да айтты. “Бүгүнкү жүрүп жаткан бийликтин саясатына каршымын, оппозиция болом” деп позициясын аныктады. Ал тараптан бийликке сын-пикирлер болот, митингдерди уюштурат. Бул деле мыйзам-ченемдүү нерсе. Бирок, ал киши дагы мурунку мамлекет башчысы катары терең ойлонуп, анан кадамдарды ташташы керек. Элибиз эки жолку революцияны баштан өткөрдү. Баарын көрүп, бышып-жетилди. Төңкөрүш кандайдыр бир өзгөрүүлөргө түртөт экен, бирок, кесепеттери, терс жактары да көп болот. Ошондуктан, саясатчылдарды чакырам. Президенттик, парламенттик шайлоолорго катышып жүрөбүз, “бийликке келсем, мындай өнүктүрүп жиберем, тигинтип ийем” дейбиз, ошол принциптен тайбайлы. Келбей калсак эле, “баары жаман” дегенден кетели, чыдайлы. 

- Атамбаев башка партия түзөбү, КСДП кимде калат?

- Атамбаев башка партия түзбөйт. Бирөө Атамбаевдин партиясы болот. Экинчиси, “Атамбаевсиз КСДП” болот, эгерде алдар Юстиция министрлигинен каттала алышса. Бирок, бул жаман көрүнүш. Мындай жол менен партиянын экиге бөлүнүшү туура эмес. Атамбаев күрөшөт. Кандай жол менен күрөшөт, аны убакыт көргөзөт. Бирок, баары мыйзам чегинде болуш керек.

- Аны камай алышабы?

- Экс-президентти камоо абдан чоң саясий чыңалууга алып келет. Муну билишибиз керек. Экинчи жагын да ойлош керек. Атамбаев түрмөгө батабы, же батпайбы? Аны камаш үчүн жүйөлүү дагы себептер болуш керек. Бул жерде юридикалык да чоң талаш бар. Азыр көптөр айтып жатышат, “биз экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү мыйзамды алып койсок эле, аны камаганга болот” деп. Кээ бирөө “экс-президент жөнүндө мыйзамдын да кереги жок, Конституциянын негизинде камап койсо болот” дейт. Юридикалык талаш дегеним ушул. Мыйзам артка иштебейт. Бул аны сөзсүз түрдө колдонот. Биз тарыхтан да сабак алышыбыз керек. Ансыз да эки президент сыртта жүрөт. Дагы бирөөн ушундай кетирсек, мамлекеттеги чыңалууну баспай, тескерисинче, курчутат.

- Бабановдун келишине канчалык шарт, мүмкүнчүлүк бар?

- Бүгүн анын келишине шарт бар. Келсе болот. Мен башында эле айткам, эгер ал кетпей койсо, акыбалы да, саясий багыт да балким башкача болот эле. “Келем” десе, өз жери, эли, кантип келтирбей кое алабыз. Келиш керек. Келип, мыйзам алдында жооп берип, өзүнүн актыгын далилдеп коюп, ишин кыла берсин. Ал өзү деле “саясаттан кеттим” деп айтпады беле. Ишкер катары ишин улантсын. Бир топ ири долбоорлору турат. “Азия Молл” жана башка ири соода тармактары, банктары, унаа базары, дагы башка айыл чарба багытындагы ишкерчилик мекеме-ишканалары турат. “Инвестиция тартып келем” деп жатат. Эч кимди сыртка чыгарбай, кайра тартып, чакырып келип, шарт түзүп беришибиз керек. 

- Өкмөттү жетектеп иштеп калдыңыз. Азыр вице-премьер Разаковдун дарегине “тажик тыңчысы” деген орой сындар айтылып жатат. Мамлекеттик жетекчиликте, Өкмөттө ушуга кантип жол берилиши мүмкүн?

- Мамлекеттик кызматка келе турган адамды атайын органдар абдан катуу текшерет. Ал тууралуу болгон маалыматтардын баарын иликтеп чыгат. Разаков мурун күч органдарында иштеди. Андан кийин губернатор болду. Кийин коопсуздун кеңешинде иштеди. Эми вице-премьер болуп иштеп жатат. Ушундай кызматтык баскычтарды басып өткөн адам кантип ушундай жаман ишке барсын? Дүңүнөн эле айыптай берген, күнөө койгон болбойт да. Мындай орунсуз айыптоо бир гана Разаковго эмес, бүт бийликке сокку болуп жатат. Эгерде, мындай маалымат болсо дагы, депутатыбы, башкасыбы, аны жабык эшик артында карап, тыңчы же, чыккынчы экени аныкталгандан кийин гана айтып чыгышы керек. А эгер, эртең ал таза чыгып калса эмне болот?

- Кокус тыңчы экени аныкталып калса, кандай чара болуш керек?

- Тыңчы, чыккынчы экени аныкталса, ал адам мыйзам алдында күнөөсүн тартат. Анын талапкерлигин сунуштаган фракция, бекиткен парламент жоопкерчиликти моюнга алат. 

Динар Турдугулова  

Булак: Азияньюс гезити

Последние новости