www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардын ичимдик ичкен, ичпегенин текшерүүчү атайын аппараттарды (алкотестер) сатып алат.

Бул боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталында тендердин шарттары жайгаштырылды. Ага ылайык, ведомство 160 даана алкотестерди 9 миллион 568 миң сомго сатып аларын көрсөтүлгөн. Демек ар бир аспап 59 миң 800 сомго бааланат экен. Эми кызыктар тараптар сынакка документтерди 27-сентябрга чейин тапшыруулары керек.

Биз бул аспаптардын баасын билүүгө кызыгып көрдүк. Ал үчүн алыс деле барбай Кыргызстан боюнча иш жүргүзгөн интернет дүкөндөргө баш бактык. Кызыгы, алкотестердин орточо баасы ашып барса 3-4 миң сом болот экен. Ошондо 60 миң сомго айдоочу унаа айдап келе жатканда эле билип кое турган алкостерлер келеби деп ойлоп калат экенсиң...

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости