www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков Чүй облусунун Сокулук районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак-жайдын курулушуна капсула салышты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жергиликтүү айыл өкмөтү бөлүп берген жер тилкесине “Ассанабил” кайрымдуулук фонду үч кабаттуу үйдүн курулушун баштады. Бул турак-жай Чүй облусунун жаш майыптар коомунун мүчөлөрүнө курулат. Коомдун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулунун айтымында, бул имаратта атайын тигүүчү, устакана цехтери жана окутуу борбору жайгашат.
Иш-чаранын алкагында жеке ишкер Улан Жусупов өзүнүн 2 кабаттуу үйүн майыптар коомуна белек кылды.
Министр өз сөзүндө демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда бир топ ийгиликтүү долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеп өттү.
Булак: NazarNews.kg