www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 28-октябрынан 31-октябрына чейин Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Түрмөгө кесилгендерди азайтуу жана пробация кызматын өнүктүрүү Борбордук Азиялык II Диалогу (мындан ары - БАД-2019) өттү. Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген пенитенциардык тутумдун, пробация кызматынын, сот системасынын, Акыйкатчынын Аппаратынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат.
Германия, Грузия, Улуу Британия жана Польшадан келген эл аралык эксперттер чоң коркунуч келтирбеген кылмыш үчүн эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза чарасын колдонбой, башка альтернативдүү чараларды колдонуу боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.
Кыргызстандын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын өкүлдөрү, соттордун, Акыйкатчынын Аппаратынын, айрым коомдук фонддордун жана Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин өкүлдөрү бар.
Борбордук Азиялык II Диалогу бүткөн соң катышуучуларга сертификат тапшырылды.
Сертификат алгандардын арасында КР ЮМ Пробация департаментинин кызматкерлери: эсеп жана мониторинг башкармалыгынын начальниги – Руслан Романов жана Пробация органынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын башкы адиси – Толубай Жакишев. Алар эл аралык эксперттерге жана БАД-2019 уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.
Региондук конференция Penal Reform International (PRI) долбоорунун алкагында жана Улуу Британиянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Алматыда жүзөгө ашырылды.
Маалымдама:
2019-жылдын 1-сентябрдан баштап Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (КР ЮМ) алдындагы пробация департаменти иштей баштады. Азыркы учурда КР ЮМга караштуу пробация департаментинин эсебинде 5354 кардар бар, алардын ичинен, 1997 – ж. редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык пробациянын кардарлары - 3 470 адам, ал эми 2017-ж. редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык - 1576 адам.
«Жоруктар жөнүндө» кодекс боюнча пробациянын 97 кардарлары бар.
Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесение ылайык, пробациянын кардарлары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) соттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын түрлөрү белгиленген адамдар (коомдук иштер, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, түзөтүү иштери, эркиндигин чектөө, жашы жете электерге карата тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары жана эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотуу).
2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар жана көзөмөлдө тургандар;
3) бир жылдын ичинде жаза өтөө боюнча түзөтүү мекемелеринен бошотууга тийиш болгондор.
Пробациянын кардарлары болуп ошондой эле аларга карата социалдык изилдөө жүзөгө ашырылган адамдар да саналат (аларга карата сот тарабынан пробациялык баяндаманы даярдоо белгиленген айыпталуучулар, эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулууга тийиш болгон соттолгондор).
Булак: NazarNews.kg