www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-февралда билдирди.

«Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасындагы жогорку кызматтагы адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат.

2018-2020-жылдар аралыгында Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери Т.Т.М. жогоруда аталган ишкананын кээ бир жумушчулары менен алдын ала сүйлөшүп алып, өзгөчө ири суммадагы мазут жана газды мыйзамсыз эсептен чыгарып, мамлекеттик бюджетке 56 млн 237 миң 224 сом зыян келтирилгени аныкталган», - деп айтылат расмий маалыматта.

26-февралда мурдагы директор Т.Т.М. кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК тергөө иштерин улантып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости