www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

SWIFT - банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан - орус банктарынын четтетилиши ыктымалдыгына байланыштуу Улуттук банк билдирүү таратты.

Маалым болгондой, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан ажырап калуу тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт.

Кыргызстан банктары тарабынан алыскы чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөн, мындай келишимдер Кыргызстандын чегинен тышкары товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Андан тышкары Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ экени белгилүү болду.

Улуттук банк Кыргызстандын банк системасы өзүнүн туруктуулугун сактап турганын, коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча да кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен кардарларга банк кызматтарынын толук түрүн көрсөтүп жатканын кабарлайт.

АКШ, Евробиримдик жана алардын өнөктөштөрү Орусиянын Украинага согуш ачканы үчүн санкцияларды катаалдатып, айрым орус банктарын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрмөй болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости