www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 22-28-февраль аралыгында коронавирустан 11 адам кайтыш болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 лабораториялык негизде беш, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө алты адамдан аныкталган. Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор бар.

Анын ичинде:

Бишкек – 7;

Чүй облусу – 2;

Баткен облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 1.

Өткөн аптада, 15-21-февраль аралыгында COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 16 учур катталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 миң 500 адам илдет жугузган. Жалпы 2 миң 957 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости