www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балдар укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын жетекчилиги алдында бүгүн, 29-майда, мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык жана коомдук уюмдар үчүн «Кыргызстандагы жыныстык зомбулук жана майыптуулук: мыйзамдар, саясат, практика жана сот акыйкаттуулугунун жеткиликтүүлүгү» деп аталган баяндама мунушталды.
Аны коомдук уюмдар, майыптуулугу бар адамдардын «Равенство» деген бирикмеси жана «Бир дүйнө – Кыргызстан» адам укуктарын коргоо кыймылы Equality Now («Теңчилик азыр») деп аталган эл аралык уюм менен биргеликте даярдап-чыгарган.
Баяндама жыныстык зомбулукту башынан кечирген майыптуулугу бар кыздар менен аялдар үчүн Кыргызстанда сот акыйкаттуулугуна жетүү жолундагы олуттуу мыйзам менен байланышкан жана башка тоскоолдуктарды иликтөөгө алат.
© UNFPA
Кыргыз өкмөтү үчүн анда жасалган сунуштар адам укуктары боюнча Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келет жана бул тоскоолдуктардан өтүүгө жана майып кыздар менен аялдарды коргоого алуу үчүн тийиштүү колдоо түзүүнү камсыз кылууга багытталган.
Укутук тутумда жана социалдык саясатта дагы эле бар кемчиликтер, алар ичинде жабык стационардык мекемелерди камтуу менен майыптуулугу бар кыздарга жана аялдарга карата жыныстык зомбулук болгон учурларда сот акыйкаттыгына жетүүгө жана аларды коргоонун жеткиликтүү болушуна күчтүү таасир этет. «Кыргызстандагы жыныстык зомбулук жана майыптуулук: мыйзамдар, саясат, практика жана сот акыйкаттуулугунун жеткиликтүүлүгү» баяндамасынын авторлору мына ушундай жыйынтыкка келген.
Бузуулардын ченеми кандай?
Жыныстык зомбулук менен байланыштуу кылмыш иштери ачылган күндө да, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке сейрек учурда гана тартылат. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы 604 катталган жыныстык зомбулук боюнча иштердин жарымынан көбү (53%) «кылмыш курамынын жоктугунан» улам токтотулган.
Баш прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы зомбулук менен байланышкан 632 иштин 21 гана пайызы сотко жиберилген, 75% токтотулган, дагы 4 пайызы иликтенип бүтө элек болчу. Бул учурлардын канчасы майып кыздар жана аялдарга тийешеси бар экени белгисиз, анткени, майыптуулук боюнча иштер оз алдынча белгиленбейт.
© UN Women
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 203 миң адамдын майыптуулугу бар, алардын 40% – аялдар жана кыздар. Аялдарга карата гендер менен байланышкан зомбулук, анын ичинде майып кыздар менен аялдарга карата зомбулук Кыргызстанда кеңири таралган. Маселенин чыныгы ченеми белгисиз.
БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча (ЮНФПА) «Биз чечебиз» фондунун маалыматына ылайык, 18 жашка чейинки курагында майыптуулугу бар кыздардын 40 пайыздан 68 пайызга чейини үй-бүлөсү, жакын шериктери, камкорчулары, ошондой эле, жабык мекемелердин кызматкерлери тарабынан жыныстык зомбулукка туш болот.
Кыргызстан адам укуктары боюнча 8 негизги эл аралык документти ратификациялаган, алар Кыргызстандын өзүнүн улуттук мыйзамдары менен бирге майыптуулугу бар аялдарга карата болгон жыныстык зомбулукка каршы чара көрүүгө милдеттендирет.
Ошентсе да, мындан аркы өсүш үчүн, айрыкча, мыйзам чыгаруудагы, сот акыйкаттыгы, мамлекеттик социалдык саясат, коомдогу басмырлоочу көрүнүштөр жана уяткаруу маданияты менен байланышкан тоскоолдуктар менен күрөшүү үчүн ыкчам чаралар талап кылынат.
Психикалык абалы менен байланышкан майыптуулугу барлар эң аярлуу топко кирет. Көпчүлүк учурларда андай аялдар кайталанган катаал мамилеге туш келет.
© UNFPA
«Бир дүйнө – Кыргызстандын» өкүлү Лира Асылбек: «Майыптуулугу бар кыздардын жана аялдардын зомбулукка учуроо коркунучу жогору, бул алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын өз алдынча коргой албаганы менен байланышкан жана мындай абал кылмышкердин жоопко тартылбай калышына алып келет.
Көпчүлүк учурларда алар өздөрүнө карата жасалган зомбулук тууралуу обочолонгондугунан улам, өз укуктарын билбегендиктен, жардамга муктаждыгынан, көз карандылыктан жана басмырлоодон улам ачык айта албайт. Тилекке каршы, кээде зомбулук кылгандар – камкорчулар же туугандары өздөрү болуп чыгат. Кылмышкер өзүнүн жоопко тартылбай турганын сезип, андай абалдан пайдаланат жана аны менен байланыштуу зомбулук көбөйөт» – деп түшүндүрмө берет.
Баяндамада жыныстык зомбулукту башынан кечирген эки кыздын окуясы камтылган – алар менен байланышкан үч учурда кыздар өздөрүнүн туугандары тарабынан катаал мамилеге дуушар болгон жана сот акыйкаттыгына жетүүдө көп сандаган кыйынчылыкка туш келген.
Сот акыйкаттуулугуна жетүү жолундагы мыйзам ченемдик тоскоолдуктар
Кыргызстанда зомбулукту чектелген түрдө гана аныктоо, күч колдонуу менен байланышкан жана далилдөөнүн басмырлоо мүнөзүндөгү стандарттары сакталган. Жыныстык зомбулук кылмыштары көпчүлүк учурда жабырлануучунун денесинде жыныстык катнаш менен байланышкан биологиялык материалдар жана физикалык тактар табылган учурда гана каралат.
© UN Women
Эгерде соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун денесинен кандайдыр бир жарат же зомбулуктун белгилерин таппаса, мисалга, зомбулук жасалгандан бери көп убакыт өтүп кетсе, же, айрыкча, жабырланган адам интеллектуалдык жактан толук кудуреттүү болбосо, анын көрсөтмөлөрү көңүлгө алынбай дагы калышы мүмкүн.
Кыргыз мыйзамдары боюнча, жыныстык зомбулукка учураган деп саналган майыптуулугу бар адамдардын жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн, аны менен бирге алардын көрсөтмөлөрү чындыкка туура келээрин аныктоо үчүн психологиялык экспертизадан өтүү талап кылынат. Бул практика көп учурда ишти кароодон баш тартууга жана кылмышкерлердин жоопко тартылбай калуусуна алып келип, адам укуктарын коргоонун стандарттарына ылайык келбейт.
«Кыргызстандын мыйзамдары майыптуулугу бар аялдардын бир эле учурда эки тараптан басмырлоого туш келгенин тааныбайт, ошондой эле, гендер жана майыптуулук негизинде пайда болгон түздөн түз же кыйыр басмырлоо концепциясы эсепке алынбайт. Бардык мыйзамдарга басмырлоого каршы принциптерди киргизүү ишин караган компетенттүү орган же комитет болушу зарыл», – деп баса белгилейт майыптуулугу бар адамдардын «Теңчилик» бирикмесинини директору Гүлмира Казакунова.
Жыныстык зомбулукка жабык мекемелер кошумча коркунуч түзөт
Интернат мекемелери жана жабык ооруканалар – майып кыздар менен аялдарга карата зомбулук коркунучу жогору болгон жайлар. Жергиликтүү эксперттер андай мекемелерде жыныстык зомбулук мекеменин озүнүн кызматкерлеры, социалдык камсыздоонун сырткы кызматтар же башка тейлөөчү персонал тарабынан жасалышы мүмкүн деп эсептейт.
© UNFPA
Көпчүлүк учурда чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салынгандыктан, арыз-даттануу берүүнүн конфиденциалдык механизмдери жок болгондуктан, бейтаптар аларды тейлеген кызматкерлердин көз алдында гана телефон чала алат, мындай жагдайда кыянатчылык кылган адамдын жоопко тартылбай калуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Кыйноолорго каршы коалициянын 2013-жылдагы отчётунда психикалык жактан жабыркаган адамдарга карата «негизги камкордук», мурдагыдай эле аларды эркиндигинен ажыратуу жайларынын жана талапка жооп бербеген тейлөө шарттарынын бардык белгилери бар психоневрологиялык интернаттарга жайгаштыруу менен чектелээри белгиленген. Көбүнчө алар бул жактарда кандайдыр бир медициналык негиздемеси жок эле өмүр бою калтырылышат жана эксплуатациялоо менен катар катаал мамилелерге туш келишет”.
«Кыргызстандагы жыныстык зомбулук жана майыптуулук: мыйзамдар, саясат, практика жана сот акыйкаттуулугунун жеткиликтүүлүгү» баяндамасынын авторлору адам укуктары боюнча эл аралык жана улуттук милдеттенмелерди эсепке алуу менен Кыргызстандын бийлигине төмөнкү сунуштарды берет.
© UN Women
● мыйзамдардагы зордуктоо аныктамасына өзгөртүү киргизүү жана майыптуулугу бар жабырлануучулар менен байланышкан учурларды камтуу менен жабырлануучуга багытталган жетектөөчү принциптерди иштеп чыгуу;
● жабырлануучулардын баарынын сот акыйкаттуулугуна жетиши үчүн аларды тийиштүү колдоо менен камсыздоо;
● зомбулук жана кыянаттык кылгандарды активдүү түрдө ачыкка чыгаруу системасын түзүү;
● далилдөөнүн керексиз жана артыкбаш стандарттарын жокко чыгаруу;
● жабырлануучуларды жынысы, жаш курагы жана майыптуулугу боюнча бөлүү менен тийиштүү маалымат чогултуу;
● тартип коргоо системасынын кызматкерлерин окутуу;
● жыныстык кылмыштар үчүн өтүп кеткен мөөнөт жөнүндөгү ченемдерди өзгөртүү;
● майыптуулугу бар адамдар менен байланышкан стереотиптер менен зомбулук жөнүндөгү мифтерди жок кылуү үчүн маалыматтык иштерди өткөрүү;
● басмырлоо менен анын формаларын аныктаган, басмырлоодон коргоо мүнөздөмөсүн киргизген жана басмырлоо аракеттери үчүн жоопкерчиликти караган теңчилик жөнүндөгү жана басмырлоого каршы комплекстүү мыйзамды кабыл алуу.
«Майыптуулугу бар адамдар үчүн сот акыйкаттуулугуна бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Кыргызстан конкреттүү кадамдарды кабыл алды. Ошентсе да, иликтөөнүн жыйынтыгында максатка жетүүнүн жолу дагы эле узак экенин көрүп турабыз – майыптуулугу бар кыздар менен аялдарга карата жыныстык зомбулук маселелерин чечүү дагы да жакшыртууга, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттерди жүргүзүүгө муктаж болуп турат.
© UN Women
Майыптуулугу бар кыздар жана аялдар үчүн сот акыйкаттыгына жетүү боюнча кыйынчылыктар, алдын алуу системасы боюнча көптөгөн маселелер дагы эле бар. Бирок кырдаалды өзгөртүүгө саясий эрктин бар экендиги кубандырат», – дейт Equality Now («Теңчилик азыр») уюмунун Россия жана Борбор Азия боюнча консультанты, баяндаманын авторлорунун бири Джанетт Ахильгова
Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева белгилегендей: «Маалыматтык-агартуучулук иштерге, ошондой эле, балдардын майыптуулугу менен байланышкан маселелерди, зомбулуктун формаларын жана ченемин иликтөөгө инвестиция кылуу өтө маанилүү. Эгер биз майып балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен биргеликте, ошондой эле, алардын укуктарын коргогон уюмдар менен биргеликте иштесек гана мунун баарына жетишебиз».