www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзиянын мурунку падышасы Мухаммад V менен “Москва сулуусу-2015” Оксана Воеводинанын Москвада өткөн үйлөнүү тоюндагы сүрөт социалдык тармактарга тарап кеткени үчүн никеси бузулган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мухаммад V менен Воеводина 2017-жылы Европада таанышкан. 2018-жылы апрелде Оксана ислам динин кабыл алып, Рихана деген мусулман атка өткөн. Эки айдан кийин экөө мусулмандардын салты менен үйлөнүшкөн. 

Оксана Воеводина төрт айлык кош бойлуу убагында үйлөнүү тоюн Россияда өткөрүүгө падышаны көндүргөн. Ошентип той 22-ноябрда Barvikha Concert Hall концерт залында 200 адамдын катышуусунда өткөн. Падыша бул боюнча маалымат тарлбайт деп үмүттөнгөн, бирок тойдогу сүрөттөр социалдык тармактарга жана ЖМКларга тарап кеткен.

Ошондой эле, Малайзияда жаш жубайлардын чакан тою да болгон эмес деген маалымат бар. Оксана Воеводинанын айтымында, үйлөнүү тою болгон, бирок ал жабык түрдө өткөн.

“Жаш жубайлардын бир эле селфи сүрөтү бар. Анда бир дагы конок болгон эмес. Оксана менен падыша, анын күбөлөр жана нике кыйган молдо болгон. Андан кийин алар Россияга келип чоң үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Кийин сүрөттөр падышанын уруксаты жок социалдык тармактарга тарап кетти”,- деп белгисиз комментатор Оксана Воеводинанын Инстаграмм баракчасына жазган постунун астына калтырып кеткен

Кош  бойлуу Оксана Воеводина жолдошу менен Малайзияга кайтып келип, көп өтпөй кайра артка Москвага учуп кеткен. Маалымат боюнча Мухаммад V өзү Воеводинаны кетүүсүн жана мындай кийин көзүнө көрүнбөөсүн талап кылган.

Падышанын жакындарынын айтуусу боюнча, Оксана Воеводина ажырашуудан кийин баласын багууга  айына 30 миң доллар, Москвадан жана Лондондон 640 миң доллар турган үй талап кылган. Малайзиялыктар падышанын мынча каражаты жок жана өлкө көп суммадагы коротууларды көтөрө албайт деп эсептешет.

Буга чейин, Оксана Воеводина Daily Mail агенттигине кош бойлуу убагында  кете турган чыгымдардын төлөмдөрүн төлөө үчүн падыша белек кылган нике шакегин сатканын айткан. Ал эми, падышанын өкүлү Воеводина Москвага өз калоосу менен кеткенин, ошондой эле Мухаммад V Оксанага бир топ суммадагы акча төлөп бергенге макул экендигин маалымдаган. Падышанын жактоочусунун айтымында, кош бойлуу убагындагы кеткен чыгымдар сунуш кылынган сумманын ичинде бар, бирок Воеводина өзү бул сунуштан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости