www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Субихи Пархатиге кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген.

«Буга чейин ишкерге издөө жарыяланган. Биринчи Май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Алдын ала маалыматка таянсак, Субихи Пархати кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу шектелүүдө», -деп билдирген редакцияга.

Эске салсак, 2017-жылы Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын Субихи Пархатиге 54 миллион сомго саткан. Мурунку президенттин 2017-жылкы декларациясында акчалар көрсөтүлгөн. Бирок, келишим түзүлүп жатканда сатып алуучунун акча төлөй алуу жөндөмдүүлүгү жана акчанын келген булагы текшерилген эмес.

Субихи Пархати «Хуасинь инвестициялык компаниясы» ААКынын жана «Азия профессионал» ААКынын учредители.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости