www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын калды жаңылануу болору, 
Кудай колдоп кут береке конору. 
Жаңы дооруң тан калтыраар дүйнөнү, 
Мүңкүрөбө,башты көтөр жогору.

Ырыскыңды ар ким талап жеп келди,
Ар ким сени жыргатамын деп келди. 
Сен кыргызсың сенин каның башкача,
Жаркыраган коомду кураар кез келди.

Касиетүү кыргызыма кут жанаар,
Кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар. 
Биз биригип таза коомду курганда,
Дүйнө жүзү бизди көрүп суктанаар.

Улуу элсиң жанат чолпон жылдызың, 
Дагы чыгат Бакай, Манас, Чынгызың!
Алтын дооруң келе жатат буюрса, 
Арыбагын айланайын кыргызым!

Маматкадыр Тиллебаев, акын

Булак: NazarNews.kg

Маматкадыр Тиллебаев, акын

Булак: NazarNews.kg

Последние новости