www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү тармагын заман талабына шайкеш реформалап сапатын көтөрүү, бүгүнкү күндүн негизги көйгөйү болуп турат. Антпесе, коомдогу деградация тереңдеп баратат. Сабатсыздык, караңгылык кулачын жайууда.
Коомдогу деградация – билимсиз караңгылыктын кесепети экени түшүнчү убак келди. Ал түгүл кеч калып, дагы деле түшүнбөй жатабыз.
Андыктан, коомду агартууда мамлекет билим берүү тармагынан каражат аябай, ыкчам, радикалдуу өзгөртүүлөрдү жасоого тийиш.
Окуу-усулдук китептер азыркы күндүн талабына жооп бергидей, ошол эле кезде улуттук кулк-мүнөзгө ширелишип, түп тамырынан кайрадан жазылыш керек. Эң маанилүүсү, мугалимдин статусун көтөрүү багытында үзгүлтүксүз иштер жүрүп, интеллектуалдык деңгээлине, билиминин тереңдигине олуттуу көңүл буруу милдет.
Коомдогу эң сыйлуу, эң кадырлуу, эң ардактуу, эң маанилүү, эң даражалуу адистик мугалимдик кесип болушу зарыл. Мыктылардын мыктысы гана мугалим болуп иштөөгө татыктуу болгон көз карашты, түшүнүктү калыптандырып, бийик деңгээлге чыгаруу кажет. Ошондо гана өлкөнү өнүктүрүүгө жөндөмдүү келечек муун тарбияланып чыгат.
Мына азыркы кезде өлкөдөгү билим берүүнүн сапаты чеке жылытпайт. Мугалимдердин да, окуучулардын дагы билими кескин төмөндөдү. Мектепте эң начар окугандар, жоктон көрө кирип-чыгып айлык алып турайын деген түшүнүк менен жогорку окуу жайын сырттан окуп, эптеп диплом алышып, окуучуларга сабак берип жүргөндөр арбын. Анан ошолордон кандай окуучу билим, таалим алат? Бул абал мамлекеттин келечегине согулган балта, улуттун өзөгүн чириткен мите болот.
Алыс барбай эле, кечээги Кадамжайда болгон күчүк маселесинен чыккан окуучу менен мугалимдин ортосундагы устат-шакирттик мамилени мисалга алсак, билим тармагындагы картина кандай даражада экени түшүнүктү болуп турат.
Бүгүнкү күндө, мектепке күчүк алып келген окуучуну трагедия кылып урушуп, жакшынакай баланын жан-дүйнөсүн талкалап, мерездикке жол чапкан көрүнүштөр көп орун алууда.
Мээримдүүлүккө эмес мерездикке таасир алган, көчөт кезинде терең билимге сугарылбай, жан-дүйнөсү ач калган окуучулар келечекте тескери жолго, чөйрөгө тез адаптация болушуп, кылмышка барышат. Жеңил жашоону көздөп, кылмыштуу жолду тандашат. Акыл-билимге эмес, күчкө таянат.
Мына ошондуктан, билимге, таалим-тарбиялык иштерге баланы жаштайынан тарбиялоо абзел. Биз болсо, ыймандуулук десе мектеп программасына дин сабагын киргизип, окуучулардын аң-сезимин чектеп жатабыз. Бул туура эмес. Жаштайынан дин менен балдардын "мээсин ууландыруу" адептүү болуп тарбияланат дегенди билдирбейт.
Дин маселесин 18 жаштан ашып, ак-караны ажырата таанып калган учурда, өз ынаным, ишенимине жараша тандоосу керек. Ошондо дагы, жалпы улуттук багытты аныктаган, мамлекеттик масштабдагы көзөмөл, идеология болууга тийиш. Ансыз болбойт.
Негизи, динди эмес, кыргыздын асыл баалуулуктарын окуткан нарк таануу сабагын окуу программасына киргизүү максатка ылайык болмок. Ошондо, окуучу өзүнүн өзөк-тамырына байланып терең билим алса, рухий жактан күчтүү болуп, тескери агымдарга азгырылбай, кылмыштуу иштерден өзүн оолак кармайт эле.
Келечек муун – билим менен улуттук баалуулуктар жуурулушкан булактан тамыр алмайын коомдук деградация токтобойт. Өлкөбүз дал ушундай багыттагы заманбап билим берүүгө, келечек муунга муктаж. Ансыз, азыркыдай чалкеш, кыйчалыш, ошол эле маалда ыкчам, тездик менен өнүккөн технологиялык доордо өнүгүүнү, жаркын келечекти камсыз кылуу оор.
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg