www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекетибиздин жоюлуп кетүү коркунучу бар деген адамга: “Озуңа таш!”- деп айткым келет. Андан кудай сактасын! Андай коркунуч жок. Себеби: аны эч ким каалабайт! “Революциялардын бульдозеру” делинген Бекназаров дагы каалабайт. Мамлекеттин жоюлуп кетүүсүн кимдир бирөө кааласа – ал чыккынчы! Мамлекетибиздин жоюлуп кетүү коркунучу бар деген адамга: “Озуңа таш!”- деп айткым келет. “Шамал болбосо чөптүн башы кыбырабайт”- дегендей, балким өлкөдөгү жагымсыз коркунуч түзүлгөн жагдайларга карата ушул сөз айтыла калып жаткан чыгаар... Күнүмдүк тирилиги менен алектенген катардагы жөнөкөй момун адамдардын оюна мындай ойлор келбейт деле, алар күнүмдүк тирүүлүктүн камын көрүүнү аракетинде.
Мындай ойду ортодогу мекенчил журналисттердин, интеллегенциянын, кээ бир саясатчылардын өкүлдөрү күйгөндөн айтып жатышса керек. Себеби саясаттын туруксуздугу, бийликке жетпей калган кээ бир саясатчылардын өлкөдө тынч абалдын түзүлүшүнө кызыкдар эместиги, мамлекетти башкарган бийликтеги органдардын иштерине кийлигишип, аларды түбү жок саясий талаш-тартыш менен алектендирип, өлкөдөгү өнүгүп-өсүүнүн маселелери чечилбей бир орунда “буксовать” этип калгандыгынан чыгып жатат. Чиркин, бийлик дегениң өтө татуу! Анын бир жолу даамын таткандар андан кеткиси келбейт, кетсе кайра келгиси келет. Аларды көргөндөр, жанында жүргөндөр “эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт ” дегендей, депутат, Президент болгусу келет.
Өз чама-чаркы менен деле эсептешпей, өлкө башкарып, “сүт көлдүн” үстүндө жүргүлөрү келишет. Бакиевди, Атамбаевди президенттикке шайлаганда канчасы “Президент болобуз”- деп чыгышпадыбы. Эки президентти кубаладык. Үчүнчүсү түзүк, коомдук иштерге жакшы катышып жүрөт, а төртүнчүсү (АША) тынчтанбай жатат. Депутаттыкта болсо акчалуулар олтурушат. Ага эл макул. Азыркы шайлоо системасы, коомдогу жагдайыбыз ушундай болуп турат. Өкмөттү болсо туруктуу иштете албай жатабыз, кемчилигин бат эле таап, алты ай – бир жыл толук иштетпей эле кетиребиз, иштей албаганын да, иштей ала турганын деле. Албетте, иштөөгө мүмкүнчүлүк, убакыт бербейлиби дегендер чыгат.
Ал туура. Бирок өз кишибизди алып келүү кыргыздарда күчтүү, ошентип жатып жолун таап, мурункунун ордуна кийинкисин алып келебиз. Тегерегибиз, айлана-чөйрөбүз ушакка толгон. Кызматка илине албай калгандар дайыма баарына нааразы. Коркунучту эл эмес, бийликтеги жана бийликке жетпей калган саясатчылардын бүтпөгөн тирешүүлөрү жаратып жатат. Ооба, “өнүгүүнүн жолу карама-каршылык”- деп бир кезде марксистик философиядан окуган элек. Ал эми Кыргызстандагы карамакаршылыктар эмнегедир өнүгүүнүн жолуна алып келе албай жатат. Биз бири-бирибизге саясатта карама-каршы туруунун цивилизациялуу жолун таба албай жаткандайбыз. Бара-бара мындай жагдайлар да турукташаар.
Кантсе да биздин мамлекетте сөз эркиндиги бар. Укугубуздан пайдаланып, бийликти каалагандай сындап келатабыз. Оюбузду коркпой айтабыз. Ар кандай сөздөр айтылып келген жана айтыла да берет. Бийликти ала албаган партиялар, кайсыл бир бийликке умтулган эр азаматтар да, өз дараметин аңдап билип акырындап тынчтанаар. Бийликтегилер болсо “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” – деп коюп өз мойнуна жүктөлгөн иштерди чамасы жетишинче аткарып жатат. Ошонусу дагы жакшы, ар кимдин ар кандай сөздөрүнө буттары тушалып калбай. Колдорунда бийлиги да турат. “Бийлик алмашып кетет”- деген эле коркунучтуу сөз болбосо, мамлекет жоголуп кетүү коркунучу жок жана болбойт, аны эч ким каалабайт, бирин-экин эл ичиндеги ниети куруган бузукулар эле чыкпаса.
Андайлардын оюн таш капсын! Ылайым өлкөбүз өсүп – өнүгүү жолуна түшсүн. Эл бүгүн тынчтыкты каалайт. Болгону бийликтегилер бийликти туура, калыс пйдаланып, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө ыйманы бүтүн, мекенчил, жогорку ителлектуалдуу, иш тажрыйбасы жетиштүү, иш билги, чарбачыл, өлкөнүн экономикасына кыялы, жөн эле кур сөзү менен эмес, иш жүзүндө өз салымын кошуп жаткан азаматтарды иштетүүлөрү керек.
Сардалбек Райымкулов
Булак: “Майдан. kg”