www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул кызматы үчүн соттордун “Кудайы” бир нече жүздөгөн доллар алгандыгы айтылып келген.

Мындан туптуура бир жыл мурда белгилүү коомдук ишмер, меценат, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рустам Маманов камакка алынган болчу. Андан бери далай убакыт өтсө да, экс-депутатка каршы ишти тергеген Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жарытылуу комментарий бергенге жараган жок. Ошондо айрым маалымат булактары Рустам Маманов менен анын ишкерлик боюнча өнөктөшү Рустам Воинов рейдерчилик фактысы боюнча айыпталып жатканы айтылган. Кайсы бир кытайлык ишкерлердин жерин тартып алышканы тууралуу сөз болгон.

Булар камалганга чейин “Цинхуа” жоопкерчилиги чектелген коомунун адвокаты Кайрат Загибаев коомчулукка “34 миллион долларлык мүлктү рейдерлик жол менен тартып алганы жатышат”,- деп жалган кеп таркатып, жанын жеп жүргөнү белгилүү болчу. Бирок, журналисттик иликтөө аркылуу биз сөз болуп жаткан кытайлык ишкерлер өздөрү эл аралык деңгээлдеги аферист, рейдер, көз боёмочу экендигин далилдеп берген элек. Мурунку президент АШАнын тушунда сот, укук коргоо органдарынын “көмүскө Кудайы” аталган Манас Арабаевдин камакка алынышы дал ушул ишке тийешелүү.

Себеби, Рустам Маманов менен Воинов мыйзамдуу, бешене тер менен тапкан мүлкүн коргоп, чырылдап жүргөндө кытайлык аферисттер Арабаевдин жардамы менен соттордон “ута” баштаган. Бул кызматы үчүн соттордун “Кудайы” бир нече жүздөгөн доллар алгандыгы айтылып келген. Тергөөнүн колу Арабаевге жеткенине караганда, андан жабыр тарткан Рустамдар: Маманов менен Воинов акталат окшойт.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Последние новости